Жогорку Кеңеш ЭӨА менен 30 млн доллардык долбоорду макулдашууну жактырды
Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети кечээ, 3-октябрда КР менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) ортосундагы “Социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо” долбоорун каржылоо жөнүндөгү макулдашууну жактырды.
Парламенттин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, насыянын суммасы 30 млн долларды түзөт.
Эмгек министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаевдин айтымында, бул долбоордун максаты – экономикалык каатчылыктын аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана эмгек мигранттарына тийгизген таасирин жеңилдетүү, ошондой эле социалдык жардам көрсөтүү программаларынын жана эмгек рыногунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Мындан тышкары, аталган долбоор социалдык коргоо системасын чыңдоого, калктын максаттуу топторун колдоонун натыйжалуулугун жогорулатууга, кесипкөйлүгүн өнүктүрүүгө жана жакыр жана аялуу катмардагы жаштардын ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Базарбаев ошондой эле бул келишимдин алкагында жаштардын квалификациясын жогорулатууга жана ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртууга багытталган иш-чаралар каржылана турганын тактады.