Беларустук компания Караколдо таштандыларды кайра иштетүүчү завод курат
Беларустун «Сифания Экотехника» компаниясы Каракол шаарында Кыргызстандагы алгачкы таштандыларды кайра иштетүүчү завод курат. Бул тууралуу Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев Facebook баракчасында билдирди.
Анын айтымында, мэрия тарабынан «Өнүгүү чекити» долбоору даярдалып, ага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров колдоо көрсөтүп, республикалык бюджеттен каражат бөлгөн.
Долбоордун каржы маселеси чечилип, быйыл мамлекет 135 млн сомго тендер жарыялаган, натыйжада, 111 млн сомго тендерди «Сифания Экотехника» компаниясы утуп алган. Калган 24 млн сом заводдун аймагындагы ангар курууга жана башка иштерге кетет.
«Ноябрь айында бардык керектүү жабдуулар алынып келинип, жумушчуларды окутуу процесси декабрь айында башталат. Бул долбоордун негизинде 40-50 жумушчу орун түзүлөт. Таштандыларды сорттоо учурдагы таштанды таштоочу жайда, кайра иштетүү “Тазалык” муниципалдык ишканасында жүргүзүлөт”, – деп жазган Жумаев.