ӨКМдин 12-кабатка чейин гана өрттөрдү өчүрүүгө техникалык мүмкүнчүлүгү бар
ӨКМде 12-кабатка чейин гана жете турган автотепкичтер бар. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов билдирди.
Жыйында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Мамбетов ӨКМдин 12-кабатка чейин гана өрттөрдү өчүрүүгө техникалык мүмкүнчүлүктөрү бар экенин айтты.
“Бүгүнкү күндө 12-кабатка чейин биздин автотепкичтерибиз жетет, ал эми андан да көп кабаттуу үйлөргө техникалык талаптарды кабыл алдыртып жатабыз, ага ылайык, алардын өзүнүн өрт өчүрүүчү деген шаймандары менен системасы болуш керек”, – деди ал.
Ошондой эле ӨКМдин өкүлү кыш мезгилинде жылыткычкычтарды туура эмес колдонгондон өрт кырсыктары көбүнчө жеке сектордон чыгарын кошумчалады.