«Кумтөрдү» кошпогондо бир жылда салыктык түшүүлөр 2%га гана өстү - эксперт

«Кумтөрдү» кошпогондо бир жылда салыктык түшүүлөр 2%га гана өстү - эксперт

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча салыктык түшүүлөр 104 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 57%га көп болду. Бирок олуттуу өсүш бажы төлөмдөрүнүн жана “Кумтөрдүн” эсебинен камсыздалган. Бул тууралуу кечээ, 4-октябрда “Салык реформасы жана анын КРдагы ишкердикти өнүктүрүүгө тийгизген таасири” деп аталган улуттук форумда Экономика министринин мурдагы орун басары Эльдар Абакиров билдирди.

Эксперттин айтымында, “Кумтөрдү” эсепке албаганда, салыктык түшүүлөр 2% гана өскөн. Эгерде өткөн жылдын отчеттук мезгилинде тоо кен ишканаларынан 3.2 млрд сом түшкөн болсо, быйыл бул сумма 20.2 миллиарддан ашкан. Ошондой эле импорттун эсебинен бажы төлөмдөрү 20 млрд сомдон 30.7 млрд сомго чейин өскөн.

«Бизнес ошол эле салыкты төлөп жатат. Биз ККМди, жаңы Салык кодексин киргизгенибиз менен, бул туруктуу иштеп жаткан бизнестен келген кирешенин көбөйүшүнө алып келген жок», – деди Абакиров.

Министрдин мурдагы орун басары мамлекеттик колдоо жеңилдетилген салыктардан жана инвестицияны коргоодон турушу керектигин баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери батир уурулуктарына шектелген жаранды кармашты. Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну Ж.Н. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 30-январынан 31-январына караган түнү белгисиз адамдар "Көк-Жар" конушунда жайгашкан үйүнүн пластик терезесин сындырып кирип, 3 млн сом өлчөмүндөгү акча

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде