«Макмалалтын» комбинатынын кызматкерлери 2 млн сомдук баалуу материалдарды жок кылышкан
Башкы прокуратура Жалал-Абад облусунун прокуратура органдары тарабынан “Кыргызалтын” ААКтын “Макмалалтын” комбинаты филиалында текшерүү жүргүзүлгөнүн кабарлады.
“Текшерүүдө, “Макмалалтын” комбинаты филиалынын жана “Кыргызалтын” ААКтын «Кыргызалтын-курулуш» филиалынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан жалпы 2 млн 143 миң сомдук материалдык баалуулуктар жок кылынгандыгы аныкталган”, – дейт аталган органдын маалымат кызматы.
Аталган факты боюнча Тогуз-Торо райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-Жаза Кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.