Туроператорлорго 2-4%дык салык ченин киргизүү сунушталууда
Туроператорлор үчүн накталай берилген акчага 4% жана накталай эмес төлөмдөргө 2% ставка менен салык салуунун артыкчылыктарын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун директору Елена Калашникова айтып берди.
“Салык реформасы жана анын КРдагы ишкердикти өнүктүрүүгө тийгизген таасири” деп аталган улуттук форумда ал Кыргызстандагы туроператорлордун кирешеси кандай булактардан турарын айтып берди:
«Туризм туристтерден киреше алып, анан аны кызмат көрсөтүүчүлөргө бөлүштүрөт. Орточо эсеп менен алганда, келген туристтер 10-12 күн үчүн 1500 доллар таштайт. Ошол эле учурда мейманкананын баасы 800 долларды түзөт, бул Кыргызстандын ар кайсы шаарларындагы бир нече чакан мейманканалардын баасын жалпылап айткандагы сумма», – деди ал.
«30 млн сомго чейинки кирешеге 4-6% салык салуу менен бул чектен оңой эле өтүп кетишет. Мейманканалар андай эмес, ошондуктан алар КНС төлөөчүлөр эмес. Демек, туроператор 7% пайдасынан 12% КНС төлөшү керек болчу, КНСти эсепке алуу үчүн эмес, анткени ал кирешесин майда жеткирүүчүлөр арасында бөлүштүрөт. Ошондуктан биз коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу атаандаштыкка туруштук бере албай келебиз», – дейт Калашникова.
Фонддун жетекчиси ошондой эле туризм тармагын камсыздоочулар – боз үй шаарчалары, ат оюндары, сувенирлерди чыгаруучулар, айылдардагы тамактануучу жайлар жана башкалар экенин, бирок алар накталай эмес төлөмдөн коркушарын айтты. Салык салуунун бул формасы баарын накталай эмес төлөм формасына өтүүгө үйрөтөөрүн жана карта менен төлөө бардыгына ыңгайлуу экенин билдирди.
Калашникованын айтымында, туроператор бир баада туристтерди чакыргандыктан быйыл 30 млн сомдун босогосун аттайбы же аттабайбы, алдын ала айта албайт, канча турист келери кийинки жылы гана белгилүү болот. Туроператор буга чейин турларды сатуу менен бир салык ставкасын тандап алат жана эгер чектен өтүп кетем деп бул салыкты бөлүп төлөө үчүн ага башка компанияларды түзүү оңой болот.
Ошондой эле ал бул салык мындай кадамдарга жол бербейт жана төмөнкүдөй пайдаларды алып келиши керек:
- өлкө туризм жагынан Борбордук Азия чөлкөмүндө атаандаштыкка жөндөмдүү болот
- аймактарга ачык иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт, алар эмне үчүн төлөп жатканын түшүнүшөт.
