Бийлик Улуттук банкка комбанктар Баткендеги бизнес долбоорлорго насыя берүүнүнүн механизмдерин карап чыгуусун тапшырды

Бийлик Улуттук банкка комбанктар Баткендеги бизнес долбоорлорго насыя берүүнүнүн механизмдерин карап чыгуусун тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев КРнын өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин жыйынын өткөрүп, анда үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Тажикстан тараптын куралдуу агрессиясынын натыйжасында жабыркаган Баткен облусунун ишкерлерине колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Төрөбаев мамлекеттик банктарды жана өнүктүрүү фонддорун бизнес чөйрөсүн калыбына келтирүүгө жигердүү катышууга жана Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда иш менен камсыз кылууга жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү бизнес долбоорлорду тез арада каржылоого киришүүгө чакырды.

“Жыйында Улуттук банкка коммерциялык банктар тарабынан бизнес-долбоорлорго кредит берүүнүн форматын жана механизмдерин кайра карап чыгуу, же өзгөртүү сунушталды, мында көпчүлүк мекендештерибиздин күрөөгө коюлчу мүлкү жана чет элдик валютада кредиттерди алууга мүмкүнчүлүгү жок экендигин эске алуу менен долбоорлорду каржылоо механизмине басым жасалды”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

РФ Борбордук банкынын эсептик чени 16,5%дан 16%га төмөндөдү

РФ Борбордук банкынын эсептик чени 16,5%дан 16%га төмөндөдү

Беш жылдагы эң төмөнкү баалардын өсүшү 2025-жылдын аягына чейин болот. Мындай билдирүүнү РФ Борбордук банкынын төрайымы Э.Набиуллина РФ Борбордук банкынын пайыздык чени боюнча чечимине арналган басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында инфляциянын максатына жетүү жолунун олуттуу бөлүгү жабылган, бирок Борбордук банк 2027-жылы нейтралдуу көрсөткүчкө жетет деп болжолдойт. Бүгүн Россия

Садыр Жапаров “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышты

Садыр Жапаров “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда, Японияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Токио шаарында өтүп жаткан “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышты. Мамлекет башчысын Япониянын Премьер-министри Санаэ Такаити Токио шаарындагы "Акасака" мамлекеттик конок үйүнөн тосуп алды. Саламдашуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегациялардын башчылары

ИИМ жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алууну эскертет

ИИМ жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алууну эскертет

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана кардын калың жаагандыгына байланыштуу, жол тескөөчүлөр республика боюнча ири унаа жолдорунда, тоолуу ашууларда жана кооптуу тилкелерде күнү-түнү кызмат өтөп, унаа агымын жөнгө салууда. ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсунө караганда, жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында орган өкүлдөрү ыкчам ишчараларды көрүлүүдө. Жолдогу көйгөйлөрдү болтурбоо

УКМК массалык экономикалык аткезчиликке катышкандарды камакка алды

УКМК массалык экономикалык аткезчиликке катышкандарды камакка алды

УКМК Ош облусунда Өзбекстан Республикасынын 15 жаранынан жана КРнын 10 жаранынан турган трансулуттук кылмыштуу топтун ишин токтотту. УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдагандай, алардын коргоочусу болгон КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын эки кызматкерин, УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын бир аскери да кармалды. Бул кылмыштуу топ Түркия Республикасынан кымбат баалуу дары-дармектерди жана зер