Кыргызстан KOICA менен биргеликте 48 млн доллардык 10 долбоорду ишке ашырат

Кыргызстан KOICA менен биргеликте 48 млн доллардык 10 долбоорду ишке ашырат

Кыргызстан Корей эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргеликте 48 млн долларлык 10 долбоорду ишке ашырат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев KOICAнын президенти Сон Хюк Санг мырза менен жолугушуусунда айтылды. Мындай маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар мамлекеттик башкаруу, айыл чарба, санариптештирүү, саламаттыкты сактоо жана аймактарды өнүктүрүү өңдүү тармактарда жалпы суммасы 48 млн доллардан ашык ишке ашырылып жаткан 10 долбоор, адам ресурстарын өнүктүрүү программасы жана волонтердук программа боюнча пикир алышты.

Өз кезегинде KOICAнын президенти Сон Хюк Санг мырза KOICAнын КРдагы өкүлчүлүгүнүн жана КРнын Өкмөтүнүн жакшы координацияланган ишин белгилеп, социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана өлкөнүн жарандарынын жыргалчылыгына багытталган долбоорлорду улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Министр Амангелдиев өз кезегинде кореялык тарапты KOICAнын контр-өнөктөшү катары кыргыз тарап KOICAнын Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин толук кандуу иштешине ар тараптуу жардам көрсөтөрүнө ишендирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакынкы жылдарга артыкчылыктуу багыттар боюнча мындан аркы жемиштүү кызматташуу боюнча макулдашууга жетишти.

Мындан тышкары окуңуз

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери батир уурулуктарына шектелген жаранды кармашты. Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну Ж.Н. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 30-январынан 31-январына караган түнү белгисиз адамдар "Көк-Жар" конушунда жайгашкан үйүнүн пластик терезесин сындырып кирип, 3 млн сом өлчөмүндөгү акча

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде