Жогорку Кеңеш жаңы дайындалып жаткан төрт министрдин талапкерлигин колдоду
Кечээ, 6-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Билим берүү жана илим министринин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министринин, Транспорт жана коммуникациялар министринин, Энергетика министринин кызмат ордуна сунушталган талапкерлерди дайындоого макулдук берди.
Жыйында талапкерлер тууралуу баяндама жасаган президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна Уланбек Мамбетакунов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министринин кызмат ордуна Алтынбек Максутов, Транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна Тилек Текебаев, Энергетика министринин кызмат ордуна Таалайбек Ибраев сунушталганын билдирди.
Жалпысынан жыйында бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлүп, жыйынтыгында сунушталган талапкерлердин кызмат орундарына дайындалышына парламент макулдук берди.