Апрель айынан бери Кыргызстандан Россияга акча которуулар үч эсеге өстү

Апрель айынан бери Кыргызстандан Россияга акча которуулар үч эсеге өстү

2022-жылдын январь айынан август айына чейин Кыргызстандан Россияга 572.2 млн доллар которулган. Улуттук банктын маалыматы боюнча, өткөн жылдын ушул мезгилинде которуулардын көлөмү болгону 323 млн долларды түзгөн.

Регулятордун маалыматына таянсак, 2022-жылдын башында акча которуулар былтыркы көрсөткүчтөн көп деле ашкан эмес. Бирок апрель айынан бери кескин секирик байкалган, тагыраак айтканда, былтыркы 44.5 млн доллардан быйыл 73.3 млн долларга чейин өскөн.

Россияга которуулардын көлөмү ай сайын өсүп жатат: май айында – 80.1 млн доллар (2021-жылы 37.3 млн доллар), июнда – 82.3 млн доллар (42.5 млн доллар), июлда – 109.6 млн доллар (38.2 млн доллар) жана августта – 120.6 млн доллар (41.7 млн доллар) которулган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде

Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири туристтик ITB Berlin 2026 көргөзмөсүнө катышат

Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири туристтик ITB Berlin 2026 көргөзмөсүнө катышат

Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири туристтик аянтчалардын бири болгон ITB Berlin 2026 көргөзмөсүнө катышууга даярдык көрүп жатат. Бул иш-чара Берлин шаарында өтөт. Даярдык иштерин Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Туризм департаменти менен биргеликте жүргүзүүдө. Мунун алкагында ата мекендик туроператорлор, дестинация өкүлдөрү жана Кыргызстан туристтик уюмдар ассоциациясы катышкан иш кеңешмеси өтттү. Жыйын учурунда

Экономика министрлиги европалык импорттун кескин өзгөрүшү тууралуу маалыматты жокко чыгарды

Экономика министрлиги европалык импорттун кескин өзгөрүшү тууралуу маалыматты жокко чыгарды

Кыргызстандын тышкы соодасы 2019–2024‑жылдар аралыгында бир катар өлкөлөр менен товар жүгүртүүнүн өсүшүн көрсөткөнүн тууралуу  Экономика министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, көрсөткүчтөр мындайча өзгөргөн: * Эстония менен – 300 % (1,5 млн  доллардан 4,5 млн  долларга чейин); * Польша менен – 131,53 % (26 млн  доллардан 60,2 млн  долларга чейин); * Германия менен