Баткен үчүн эң мыкты санариптик долбоорго Жогорку технологиялар паркы 1 млн сом бөлөт

Баткен үчүн эң мыкты санариптик долбоорго Жогорку технологиялар паркы 1 млн сом бөлөт

Жогорку технологиялар паркынын (ЖТП) Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү облуста болуп өткөн кайгылуу окуяларга байланыштуу баткендиктерди колдоо максатында 2 млн сом бөлүүнү чечти.

ЖТП Баткен облусунун тургундарынын жашоосун жакшыртууга жардам бере турган санариптик чечимди ишке ашырууга 1 млн сом бөлөт. Сынактын шарттары жакынкы аралыкта жарыяланышы күтүлүүдө.

«Сынакка Баткен облусуна жардам берүү үчүн санариптик долбоорду иштеп чыккан Кыргызстандын бардык IT адистери катыша алат. Бул телемедицина же башка сегмент болушу мүмкүн», – деди ЖТПнын аткаруучу директору Чубак Темиров Economist.kg басылмасына.

Белгилей кетсек, парктын бюджетинен дагы 1 млн сом жабыр тарткан облус тургундары үчүн президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн атайын эсебине которулган.

Мындан тышкары окуңуз

Быйыл авикаттамдар менен дүйнө жүзүндө 5 млрд адам учкан

Быйыл авикаттамдар менен дүйнө жүзүндө 5 млрд адам учкан

2026-жылы аба каттам жүргүнчүлөрүнүн саны жаңы рекорддук деңгээлге жетип, 5,2 миллиарддан ашат. Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) жаңы баяндамасына ылайык, 2025-жылы дээрлик 5 миллиард адам авиакаттамдар менен учкан. Божомолдорго караганда, келерки жылы тармак өсүшүн улантып, дүйнөлүк жүргүнчүлөр агымы 4,4%га көбөйөт. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн жалпы саны 5,2

Россияда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган  медаль чыкты

Россияда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган медаль чыкты

Россияда улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовго арналган уникалдуу эстелик медаль жасалганын "Российская газета" басылмасы кабарлады. Медаль "Дубровин" куюу үйүндө 999-сыноодогу таза күмүштөн жасалган. Медалдын бет тарабында Чыңгыз Айтматовдун профили жана анын белгилүү "Кылым карытар бир күн" романынын аталышы чегилген. 21 нускадан турган алгачкы партиясы

КУЭТ 370 млн сомго күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга тендер жарыялады

КУЭТ 370 млн сомго күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга тендер жарыялады

"Кыргызстандын Улуттук электр тармагы" ААК (КУЭТ) өз ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга тендер жарыялаганы мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды. Маалыматка ылайык, сатып алуу стандарттык форматта жүргүзүлүп, күйүүчү майды өлкө аймагындагы автоунаа май куюучу жайлардын (АЗС) тармагы аркылуу жеткирүү каралган. Пландалган чыгымдардын жалпы суммасы 370,2

Ысык-Көлдөн 2023-жылдан бери 43 миң тоннадан ашык таштанды алынды

Ысык-Көлдөн 2023-жылдан бери 43 миң тоннадан ашык таштанды алынды

2023-жылдан бери Кыргызстанда Ысык-Көлдөн 43 миң тоннадан ашык таштанды жана 400 километрден ашык балык уулоочу торлор чыгарылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдады. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча ӨКМге караштуу Суучулдар кызмат борборунун суучулдары көлдү тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. "Бул убакыт аралыгында көлдүн түбүнүн бир миллион гектардан ашык аянты текшерилип,