800 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөлөрдө иштешет - министр

800 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөлөрдө иштешет - министр

800 миңден ашуун Кыргызстандын жараны дүйнөнүн кеминде он бир өлкөсүндө иштеп, жашап жүрүшөт. Бул тууралуу Эмгек министри Кудайберген Базарбаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, расмий түрдө Кыргызстандын жарандары эмгек мигранттары болуп саналат:

  • Россияда — 680.5 миң адам
  • Түркияда — 35 миң адам
  • Казакстанда – 35 миң адам
  • Канада жана АКШда – 26 миң адам
  • Германия менен Польшада – 11.2 миң адам
  • Түштүк Кореяда – 6.4 миң адам
  • Өзбекстанда – 5 миң адам
  • БАЭде – 5 миң адам
  • Англияда – 3 миң адам.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын, Кытайдын курулуш материалдарын чыгарган компаниялары жолугушту

Кыргызстандын, Кытайдын курулуш материалдарын чыгарган компаниялары жолугушту

Экономика министрлигине караштуу Кытайдагы Соода өкүлчүлүгү Үрүмчү шаарында Курулуш министрлиги менен биргеликте кыргызстандык жана кытайлык курулуш материалдары боюнча компаниялардын жолугушуусун уюштурганын Экономика министрлиги маалымдады. Ведомствонун маалыматына ылайык, иш-чарага түз жеткирүүлөрдү жолго коюу жана курулуш материалдарын жаңыртуу маселелерин карап жаткан 30дан ашуун ири кыргыз курулуш жана девелопердик компаниялардын өкүлдөрү катышты. Кытай

Быйыл авикаттамдар менен дүйнө жүзүндө 5 млрд адам учкан

Быйыл авикаттамдар менен дүйнө жүзүндө 5 млрд адам учкан

2026-жылы аба каттам жүргүнчүлөрүнүн саны жаңы рекорддук деңгээлге жетип, 5,2 миллиарддан ашат. Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) жаңы баяндамасына ылайык, 2025-жылы дээрлик 5 миллиард адам авиакаттамдар менен учкан. Божомолдорго караганда, келерки жылы тармак өсүшүн улантып, дүйнөлүк жүргүнчүлөр агымы 4,4%га көбөйөт. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн жалпы саны 5,2

Россияда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган  медаль чыкты

Россияда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган медаль чыкты

Россияда улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовго арналган уникалдуу эстелик медаль жасалганын "Российская газета" басылмасы кабарлады. Медаль "Дубровин" куюу үйүндө 999-сыноодогу таза күмүштөн жасалган. Медалдын бет тарабында Чыңгыз Айтматовдун профили жана анын белгилүү "Кылым карытар бир күн" романынын аталышы чегилген. 21 нускадан турган алгачкы партиясы

КУЭТ 370 млн сомго күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга тендер жарыялады

КУЭТ 370 млн сомго күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга тендер жарыялады

"Кыргызстандын Улуттук электр тармагы" ААК (КУЭТ) өз ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга тендер жарыялаганы мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды. Маалыматка ылайык, сатып алуу стандарттык форматта жүргүзүлүп, күйүүчү майды өлкө аймагындагы автоунаа май куюучу жайлардын (АЗС) тармагы аркылуу жеткирүү каралган. Пландалган чыгымдардын жалпы суммасы 370,2