Экономика министрлиги товарлардын баасын эмнеге кескин төмөндөтүүгө мүмкүн болбой жатканын айтты

Экономика министрлиги товарлардын баасын эмнеге кескин төмөндөтүүгө мүмкүн болбой жатканын айтты

Экономика министрлиги өлкөдөгү азык-түлүктүн баасы эмнеге дагы деле кескин арзандабай жатканынын себебин айтты.

“Биздин өлкөнүн негизги соода өнөктөшү Россия Федерациясы болуп саналат. Учурдагы саясий кырдаалга байланыштуу товарларды ташуунун/жеткирүүнүн логистикалык чынжыры үзгүлтүккө учурады, бул товарлардын баасын кескин төмөндөтүүгө мүмкүн болбой калды”, – деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Ошондой эле министрлик КРдагы товарлардын орточо рыноктук наркы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана коңшу мамлекеттердин арасында эң төмөн экендигин айтат.

Ошондой эле министрлик СМТ (социалдык маанидеги товарлар) баасын ооздуктоо боюнча эффективдүү чаралардын бири мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү экенин билдирди.

Колдонуудагы мыйзамдар жарандардын социалдык жактан аялуу категорияларынын керектөөлөрүн канааттандыруу максатында СМТга бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүгө мүмкүндүк берет.

Министрлер кабинети 90 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизет. Бааларды мамлекеттик жөнгө салуу бир айдын ичинде баанын 20 жана андан ашык пайызга өсүшүн эске алуу менен киргизилет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде

Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири туристтик ITB Berlin 2026 көргөзмөсүнө катышат

Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири туристтик ITB Berlin 2026 көргөзмөсүнө катышат

Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири туристтик аянтчалардын бири болгон ITB Berlin 2026 көргөзмөсүнө катышууга даярдык көрүп жатат. Бул иш-чара Берлин шаарында өтөт. Даярдык иштерин Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Туризм департаменти менен биргеликте жүргүзүүдө. Мунун алкагында ата мекендик туроператорлор, дестинация өкүлдөрү жана Кыргызстан туристтик уюмдар ассоциациясы катышкан иш кеңешмеси өтттү. Жыйын учурунда

Экономика министрлиги европалык импорттун кескин өзгөрүшү тууралуу маалыматты жокко чыгарды

Экономика министрлиги европалык импорттун кескин өзгөрүшү тууралуу маалыматты жокко чыгарды

Кыргызстандын тышкы соодасы 2019–2024‑жылдар аралыгында бир катар өлкөлөр менен товар жүгүртүүнүн өсүшүн көрсөткөнүн тууралуу  Экономика министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, көрсөткүчтөр мындайча өзгөргөн: * Эстония менен – 300 % (1,5 млн  доллардан 4,5 млн  долларга чейин); * Польша менен – 131,53 % (26 млн  доллардан 60,2 млн  долларга чейин); * Германия менен