«Манас» аэропортунда Пакистандан мыйзамсыз келген учак табылды

«Манас» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн  ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө «Манас» аэропортунда мыйзамсыз келген учак табылган. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө 2020-жылдын 14-декабрында Рахимярхан (Пакистан) – Бишкек каттамы боюнча КРнын аймагына «В» компаниясына таандык (инициалдар  өзгөртүлгөн) ИЛ-76 аба учагы келгени аныкталган.

Бул аба учагы КРнын улуттук каттоо белгисин ыйгаруу менен жарандык авиация органдарында катталган жана жарандык аба учактарынын реестрине киргизилген.

“ЕАЭБдин бажы мыйзамдарына ылайык, аба учагы КРнын аймагына келгенден кийин андан ары белгилүү бир бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу менен бажы операцияларын өткөрүү каралган.

Бирок бул аба учагы боюнча бажы операциялары жана башка бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу жүргүзүлгөн эмес. Мамлекетке 10.6 млн сом зыян келтирилген”, – деп айтылат билдирүүдө.

Бул факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар КРнын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Транспорт прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун