Агроөнөр жай секторунда «Мыкты чарбакер» сынагы боюнча 14 наамдын жеңүүчүлөрү аныкталды

Агроөнөр жай секторунда «Мыкты чарбакер» сынагы боюнча 14 наамдын жеңүүчүлөрү аныкталды

Айыл чарба министрлиги КРнын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин жана айыл чарба ишканаларынын арасында “Мыкты чарбакер” наамына конкурс аяктагандыгы жөнүндө жарыялады.

Конкурс КРнын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин жана айыл чарба ишканаларынын ишмердүүлүгүн, айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүдөгү, жаңы жумуш орундарын түзүү ишмердүүлүгүнө дем берүү максатында өткөрүлдү.

Конкурска райондук мамлекеттик администрациялардын сунуштарынын жыйынтыгы боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан арыз берүү жолу менен КРнын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлери жана ишканалары катышты.

“Мыкты чарбакер” наамына сынак боюнча ХIV номинация өткөрүлдү. Конкурстук сынактын жеңүүчүлөрү болуп төмөндөгүлөр аныкталды:
  • КРнын органикалык чарбаны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” номинациясына “Сан Планет Органик” ЖЧК
  • КРдагы балык тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” номинациясына Чүй облусунун Токмок шаарындагы “Аквапром” ЖЧК
  • “Агроөнөр жай комплексиндеги мыкты инновация үчүн” номинациясына “Кант-Сут” ЖЧК
  • “Айыл чарба чөйрөсүндөгү мыкты стартап үчүн” номинациясына “Ат-Башы-Сүт” ЖЧК
  • “Агроөнөр жай комплексиндеги илимий жетишкендиктери үчүн” номинациясына Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун арпанын селекциясы жана баштапкы үрөнчүлүк бөлүмү
  • Мал чарбасындагы жетишкендиктери үчүн” номинациясына Кадамжай районундагы “Эркин-95” фермердик асыл тукум чарбасы
  • Үлгүлүү асыл тукум мал чарбасы” номинациясына “Агрофирма Чабрец” ЖЧК
  • “Үлгүлүү үрөнчүлүк чарбасы” номинациясына “Аталык Групп” ЖЧК
  • “Үлгүлүү айыл чарба кооперативи” номинациясына Ош облусунун Чоң-Алай районундагы “Чоң-Алай Агро” кооперативи
  • “Мыкты айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү жана өндүрүүчү” номинациясына Талас облусундагы “Эмилия” ЖЧК
  • Мелиорациядагы жетишкендиктери үчүн” номинациясы КАйыл чарба министрлигинин алдындагы Суу ресурстары кызматынын Нарын мамлекеттик суу чарба башкармалыгынын башчысы Анарбек Сокеевге ыйгарылды
  • “Мыкты механизатор” номинациясы Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Суу айыл аймагынын трактористи Базарбай Аширбаевге ыйгарылды
  • “Мыкты багбан” номинациясы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын фермери Азамат Мажиковго ыйгарылды
  • Мыкты ветеринар” номинациясы Ош облусунун Кара-Кулжа районунун лабораториясынын жетекчиси Медетбек Батыровго ыйгарылды.

Мындан тышкары окуңуз

Мэр: Айтматов менен Тыналиев көчөлөрүн бириктирген жолдун курулушу жакында башталат

Мэр: Айтматов менен Тыналиев көчөлөрүн бириктирген жолдун курулушу жакында башталат

Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүн бириктирген жаңы жолдун курулушу жакынкы убакта башталат. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев жеринде таанышуу учурунда билдирди. Анын айтымында, бул жол унаа тыгындарын толук жойбосо да, шаардагы жол инфраструктурасын жакшыртууга олуттуу салым кошот. Ошондой эле мэр Миңжылкыев көчөсүнө Бакаев

Лейлектик ишкер курма как жана өрүк майын өндүрүп, рынокко чыгарууда

Лейлектик ишкер курма как жана өрүк майын өндүрүп, рынокко чыгарууда

Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаментинин өкүлдөрү Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы жеке ишкер Гулайым Добутованын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Ишкер курма кургатуу, өрүк майын өндүрүү жана өрүк как даярдоо багытында иш алып барууда. Анын даярдаган продукциялары, анын ичинде курма кагы өлкө боюнча сатылууда.

Ысык-Көлдөн 14 200 метр синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 14 200 метр синтетикалык тор чыгарылды

Өткөн жуманын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көлдүн түбүнөн жана жээктеринен жалпы узундугу 14 200 метрге жеткен синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясына караштуу Туристтик-экологиялык милиция билдирди. Мындан тышкары, кызматкерлер тарабынан 38 кап тиричилик жана өндүрүш калдыктары жыйналып, тиешелүү жайларга жеткирилди. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга жана эс алуучуларга экологияны

Кыргызстанда быйыл 13 чакан ГЭС ишке киргизилет

Кыргызстанда быйыл 13 чакан ГЭС ишке киргизилет

Президент Садыр Жапаров энергетика тармагын өнүктүрүү жана альтернативдүү энергия булактарын көбөйтүү боюнча Энергетика министрлигине бир катар тапшырмаларды койгон. Ага ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин жетекчилиги алдында калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана энергетикалык дефициттен чыгуу максатында ири долбоорлор ишке ашырылууда. Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылы жалпы кубаттуулугу 81,03