Восток айылында кездеме сактоочу кампадан өрт чыкты

Восток айылында кездеме сактоочу кампадан өрт чыкты

ӨКМ Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу алдын ала маалымат боюнча Восток айылынын Береговая көчөсүнүндө жайгашкан кездеме сактоочу кампадан өрт чыкканын билдирди.

Жерине саат 04:45тен тарта жалпы ӨКМдин 5 өрт өчүрүүчү бөлүмү, Штаб, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, саат 07:00дө “Тазалык” ишканасынан 2 суу ташуучу унаа жана РЭТинен 1 бригада иш алып барышкан.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен тилсиз жоо саат 07:48де чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

ЖК өкүлдөрү ФАО менен кызматташтыкты талкуулашты

ЖК өкүлдөрү ФАО менен кызматташтыкты талкуулашты

Жогорку Кеңештин комитет төрагасы Кубанычбек Самаков жана депутат Махабат Мавлянова БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда Кыргызстан менен ФАОнун ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы каралып, аны мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Кубанычбек Самаков акыркы жылдары эки

Турак жай салыктарын автоматтык түрдө эсептөө системасы киргизилди

Турак жай салыктарын автоматтык түрдө эсептөө системасы киргизилди

Марттан тарта өлкөдө мамлекеттик кадастр кызматынын маалыматтарына негизделген салыктарды автоматтык эсептөө системасы киргизилди. Бул кызмат жарандар үчүн салык төлөөнү жеңилдетүүгө, адам факторун азайтууга жана тең шарттарды камсыздоого багытталган. Салык кызматынын карыздарды өндүрүүнү көзөмөлдөө жана жергиликтүү салыктар башкармалыгынын башчысы Туратбек Күлчороев билдиргендей, буга чейин мүлк ээлери салыктын суммасын өз алдынча эсептеп

"Дордойду" заманбап соода борборуна айлантуу сунушумду айткам – С.Жапаров

"Дордойду" заманбап соода борборуна айлантуу сунушумду айткам – С.Жапаров

Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү ири базарларды жаңылоо маселеси боюнча пикирин билдирди. Ал буга чейин берилген убадаларга карабастан, "Дордой" базары азыркыга чейин заманбап соода борборуна айланбаганын сынга алды. Президент эскерткендей, ал кызматка келгенден бери контейнердик соода форматынан баш тартуу тапшырмасын койгон. Анын планы боюнча Дордой базары, Ош базары жана

Нарын районунда муниципалдык логистикалык борбор курулат

Нарын районунда муниципалдык логистикалык борбор курулат

Президент  Садыр Жапаров колдоосу менен Нарын районунда жаңы муниципалдык логистикалык борбордун курулушу башталарын Нарын облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, борбор облустагы айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларын — жашылча-жемиштерди, этти, картошканы жана башка товарларды сактоо, ташуу жана сорттоо үчүн кызмат кылат. Жаңы инфраструктура ыңгайлуу шарттарды түзүп, продукциянын сапатын жакшы сактоого