ЖК өкүлдөрү ФАО менен кызматташтыкты талкуулашты

ЖК өкүлдөрү ФАО менен кызматташтыкты талкуулашты

Жогорку Кеңештин комитет төрагасы Кубанычбек Самаков жана депутат Махабат Мавлянова БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Кыргызстан менен ФАОнун ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы каралып, аны мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Кубанычбек Самаков акыркы жылдары эки тараптын кызматташуусунун алкагында олуттуу жыйынтыктарга жетишилгенин белгиледи. Анын айтымында, органикалык өндүрүштү өнүктүрүү, фермерлерди жана кооперативдерди колдоо, мал чарбачылыгы менен ветеринария тармагын жакшыртуу, агроазык-түлүк секторун санариптештирүү жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча бир катар иштер жүргүзүлгөн.

Өз кезегинде депутат Махабат Мавлянова органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, сертификациялоо системасын жакшыртуу, мектеп тамак-ашы, жашылдандыруу жана тоо туризмин өнүктүрүү маселелерине токтолуп, бир катар сунуштарын билдирди.

ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев уюмдун негизги иш багыттары жана алдыдагы пландары тууралуу маалымат берип, Кыргызстан менен узак мөөнөттүү кызматташтыкты улантууга даяр экендигин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу