Өлкөдө накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмү 85%га өстү

Өлкөдө накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмү 85%га өстү

2022-жылдын үчүнчү чейрегинде өлкөдө накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмү 85%га өстү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалыматында айтылат.

21-октябрда Новотелде КРнын Электрондук коммерция Ассоциациясы жана Экономика жана Коммерция министрлиги тарабынан иш-чаранын башкы өнөктөшү Visa компаниясынын колдоосу менен санариптик төлөм индустриясынын лидери жана GLOVOнун расмий өнөктөшү уюштурган эл аралык электрондук коммерция форуму болуп өттү.

Форумда акыркы жылдары электрондук коммерция жана электрондук бизнес тармагында активдүүлүк күчөгөнү байкалып жатканы, КРда электрондук коммерция калыптануу стадиясында экени айтылды.

“2022-жылдын үчүнчү чейрегинде өлкөдө накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмү 85%га өскөн, ал эми электрондук коммерцияда накталай эмес операциялардын көлөмүнүн өсүшү 43%ды түзгөн”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Мэр: Айтматов менен Тыналиев көчөлөрүн бириктирген жолдун курулушу жакында башталат

Мэр: Айтматов менен Тыналиев көчөлөрүн бириктирген жолдун курулушу жакында башталат

Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүн бириктирген жаңы жолдун курулушу жакынкы убакта башталат. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев жеринде таанышуу учурунда билдирди. Анын айтымында, бул жол унаа тыгындарын толук жойбосо да, шаардагы жол инфраструктурасын жакшыртууга олуттуу салым кошот. Ошондой эле мэр Миңжылкыев көчөсүнө Бакаев

Лейлектик ишкер курма как жана өрүк майын өндүрүп, рынокко чыгарууда

Лейлектик ишкер курма как жана өрүк майын өндүрүп, рынокко чыгарууда

Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаментинин өкүлдөрү Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы жеке ишкер Гулайым Добутованын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Ишкер курма кургатуу, өрүк майын өндүрүү жана өрүк как даярдоо багытында иш алып барууда. Анын даярдаган продукциялары, анын ичинде курма кагы өлкө боюнча сатылууда.

Ысык-Көлдөн 14 200 метр синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 14 200 метр синтетикалык тор чыгарылды

Өткөн жуманын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көлдүн түбүнөн жана жээктеринен жалпы узундугу 14 200 метрге жеткен синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясына караштуу Туристтик-экологиялык милиция билдирди. Мындан тышкары, кызматкерлер тарабынан 38 кап тиричилик жана өндүрүш калдыктары жыйналып, тиешелүү жайларга жеткирилди. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга жана эс алуучуларга экологияны

Кыргызстанда быйыл 13 чакан ГЭС ишке киргизилет

Кыргызстанда быйыл 13 чакан ГЭС ишке киргизилет

Президент Садыр Жапаров энергетика тармагын өнүктүрүү жана альтернативдүү энергия булактарын көбөйтүү боюнча Энергетика министрлигине бир катар тапшырмаларды койгон. Ага ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин жетекчилиги алдында калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана энергетикалык дефициттен чыгуу максатында ири долбоорлор ишке ашырылууда. Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылы жалпы кубаттуулугу 81,03