Кемин районунда темир жол шпалдарын чыгаруучу ишкана ачылат

Кемин районунда темир жол шпалдарын чыгаруучу ишкана ачылат

Чүй облусунун Кемин районунда темир жол шпалдарын чыгаруучу ишкана ачылат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышкан соң, Чүй облусунун Кемин районундагы ишке киргизүүгө даярдалып жаткан темир жол шпалдарын чыгаруучу ишкананы көрүп чыкты.

Ишкананын курулуш иштери ушул жылдын май айында башталган. Ноябрда бардык зарыл жабдууларды орнотуу иштерин бүткөрүп, декабрь айында жогорку сапаттагы шпалдарды чыгарып баштоо мерчемделген. Өндүрүштүн күтүлгөн кубаттуулугу – айына 6-8 миң даана шпал чыгаруу.

Ишкананын продукциясы ички рыноктун, анын ичинде Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун курулушу учурунда шпалга болгон муктаждыкты жаба алат.

“Мурда өлкөдө темир жолдорду оңдоодо чет өлкөлөрдөн материалдар алынып келсе, эми оңдоп-түзөөдө жана куруу иштерине атамекендик өндүрүштөгү шпалдарды колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул өз кезегинде баанын төмөндөшүнө алып келет. Ишкананын планында тышкы рынокко дагы чыгуу, өз продукциясын — шпалдарды үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо бар”, – деп айтылат билдирүүдө.

Жапаров жалпы өлкө үчүн социалдык-экономикалык мааниси зор болгон Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруунун зарылдыгын эске салды.

Долбоорду ишке ашырып, андан ары Жалал-Абад облусуна темир жол төшөө менен өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактары темир жол каттамы аркылуу бириктирилет.

Келечекте Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече багытындагы темир жолду долбоорлонуп жаткан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу менен туташтыруу пландалууда.

Мындан тышкары, Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун курулушу менен аймактардын калкын жана Бишкек ТЭЦин күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде отун менен камсыз кылууда Кара-Кече кенинен көмүр ташуунун чыгымы аз жолу түзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Экономика министрлиги европалык импорттун кескин өзгөрүшү тууралуу маалыматты жокко чыгарды

Экономика министрлиги европалык импорттун кескин өзгөрүшү тууралуу маалыматты жокко чыгарды

Кыргызстандын тышкы соодасы 2019–2024‑жылдар аралыгында бир катар өлкөлөр менен товар жүгүртүүнүн өсүшүн көрсөткөнүн тууралуу  Экономика министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, көрсөткүчтөр мындайча өзгөргөн: * Эстония менен – 300 % (1,5 млн  доллардан 4,5 млн  долларга чейин); * Польша менен – 131,53 % (26 млн  доллардан 60,2 млн  долларга чейин); * Германия менен

Тажикстан, Кыргызстан пахтаны кайра иштетүүнү өнүктүрүүнү макулдашты

Тажикстан, Кыргызстан пахтаны кайра иштетүүнү өнүктүрүүнү макулдашты

МинКаб төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Тажикстандын айыл чарба министри Курбон Хакимзода менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар агрардык тармактагы эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл асыл тукум букаларды жана асыл тукум топоздорду алмашуу аркылуу малдын генетикалык

Электр кубаттоочу станцияларга жер 1 жылдан 3 жылга чейин берилет

Электр кубаттоочу станцияларга жер 1 жылдан 3 жылга чейин берилет

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык жерлер рыногу бөлүмүнүн башкы адиси Талантбек Исмаилов радио эфиринде электр кубаттоочу станцияларды орнотуу үчүн жер тилкелерин берүү тартиби жана учурдагы абал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, жер тилкелерин пайдалануу боюнча келишимдер көбүнчө бир жылдык мөөнөткө түзүлөт жана кийин үч жылга чейин узартылышы мүмкүн. Адистин түшүндүрүүсүндө, комиссия

ӨКМ суучулдарынын, токойчулардын, "Кыргызгидромет" кызматкерлеринин маянасы жогорулады

ӨКМ суучулдарынын, токойчулардын, "Кыргызгидромет" кызматкерлеринин маянасы жогорулады

Президенттин тапшырмасы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарынын айлык акысы көтөрүлгөнүн Бишкекте маалымат жыйында министрликтин орун басары Азамат Мамбетoв билдирди. Суучулдарга 20 000 сом өлчөмүндө кошумча акы белгиленди. Мурда алар болжол менен 30 000 сом алышса, эми айлык акысы 50–60 000 сом болот. Мамбетoвдун айтымында, бул чек эмес — күзгө чейин