Түндүк-Түштүк жолуна делген 1 млрд доллардын жарымы сол чөнтөккө кеткен - С.Жапаров

Түндүк-Түштүк жолуна делген 1 млрд доллардын жарымы сол чөнтөккө кеткен - С.Жапаров

 Түндүк-Түштүк унаа жолуна алынган 1 млрд доллардын жарымы сол чөнтөккө кеткенин президент Садыр Жапаров журналист Ыдырыс Исаковго берген маегинде билдирди.

Садыр Жапаров белгилегендей, 1 млрд доллар акча менен мындай жолдон экини салып коюуга мүмкүн эле.

“Бул долбоор боюнча чын-чынына келгенде баягы таш кулай турган, көпүрөлөрдүн туура эмес жерлери, тоонун түптөрүнө салып койгон, кум-шагыл куюла турган, кыштын күнү кар-көчкү түшө турган жерлерин таптакыр караган эмес экен. Биз акыркы 3-4 жылдан бери изилдеп отуруп, былтыр ишке киришкенбиз. Курулуш министрлиги дагы бир 5-6 тилкени алган, ошондуктан жаңы туннелдин ары-бери жагында көп иштер бар экен. Үлгүрсөк жол 2027-жылдын күз мезгилине чейин, болбосо 2028-жылы толук ачылат. Жайы-кышы дебей ачсак болот. Мурдагылардын кемчилиги болсо да, биз моюнубузга алып, аягына чыгаралы деп жатабыз”, -деди президент.

Ошондой эле мамлекет башчысы кемчиликтерди оңдоо үчүн бюджеттен кошумча каражат бөлүнүп жатканын кошумчалады.

“Бирок, ал үчүн дагы бюджеттен 100 млн доллар чыгым боло турган болуп жатабыз. Бул долбоорго 1 млрд долларга жакын акча салып салган. 1 млрд доллар акча менен мындай эки жолду салып койсок болот эле”,- деди Садыр Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров КМШ лидерлеринин жыйынына катышууда

Садыр Жапаров КМШ лидерлеринин жыйынына катышууда

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Түркмөнстандын Аваза шаарында өтүп жаткан КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышууда. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чаранын алдында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов президент Жапаровду тосуп алды. Лидерлер саламдашып, биргелешип сүрөткө түштү. Сүрөткө түшүү аземинде Азербайжан Президенти Ильхам Алиев, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян,

Ишкер Media
Кыргызстанда кумшекердин баасы октябрдан декабрга чейин төмөн болот

Кыргызстанда кумшекердин баасы октябрдан декабрга чейин төмөн болот

Кыргызстанда кумшекердин баасы октябрдан декабрга чейин төмөндөйт. Буга өлкөдөгү кант заводдорунун өндүрүш көлөмү ички керектөөдөн жогору экени себеп болот. Бул тууралуу Кумшекер кластеринин башчысы Алмаз Алтыбаев билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү эки кант заводу ай сайын 20–25 миң тонна кумшекер өндүрөт. Ал эми ички керектөө айына болжол менен 8 миң

Ишкер Media
Партадан башталган стартап

Партадан башталган стартап

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду - “Партадан башталган стартап” атту сынакты уюштурууда. Сынакка билдирүүлөрдү кабыл алуу 2026- жылдын 2- ноябрына чейин созулат. Билдирүүгө караганда, сынак мектепте же колледжде окуп, өз бизнес-идеясын ишке ашырууну кыялданган жаштарга арналат. Сынактын максаты: ·       Мектеп окуучуларынын, орто кесиптик билим

Ишкер Media
Бажы кызматынын өкүлү мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген үчүн кармалды

Бажы кызматынын өкүлү мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген үчүн кармалды

КР УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана товарды туура эмес декларациялоого шектелип, Түндүк-Чыгыш бажысынын Бажылык тариздөө борборунун текшерүү тобунун инспектору, 1995-жылы туулган Д.М. кармалды. УКМКнын маалыматына ылайык, инспектор Түндүк-Чыгыш бажысы аркылуу “кара металл” деген аталыш менен 98 даана жарыктандыруу мамысынан турган жүктү өткөрүп жиберген.

Ишкер Media