Кыргызстан Түштүк Кореянын экспорттук-импорттук банкы менен кызматташат

Кыргызстан Түштүк Кореянын экспорттук-импорттук банкы (Эксимбанк) менен кызматташат. Бул тууралуу 23-октябрда Сеул шаарында КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кореянын Эксимбанкынын Вице-президенти Пак Жонг-Кю менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттыкты сактоо, айыл чарба, суу менен камсыздоо жана транспорт инфраструктурасы тармагындагы артыкчылыктуу долбоорлорду илгерилетүү жана ишке ашыруу маселелерин талкуулашты, анын ичинде:

  • «Айыл жерлерин суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу»;
  • Транспорт жана коммуникациялар министрлиги үчүн жол куруу техникасы жана жабдуулары
  • Улуттук госпиталдын жаңы имаратын куруу жана медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу.

Кореянын Эксимбанкы менен кызматташууну бекемдөө жана өнүктүрүү Корея менен кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын Кулубаев баса белгиледи.

“Республикалык инфекциялык клиникалык оорукананын ишин жакшыртуу” долбооруна өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар бул долбоорду тез арада ишке киргизүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого макулдашышты.

Пак Жонг Кю өз кезегинде корей тарап Экономикалык өнүктүрүү боюнча кызматташуу фонду (EDCF) аркылуу долбоорлорду илгерилетүүгө жана ишке ашырууга кызыкдар экенин баса белгилеп, долбоорлорду, анын ичинде инфекциялык оорукана долбоорун илгерилетүүгө көмөктөшүүгө даяр экендигин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун