Тилектештик акциясы: Кыргызстандын жалпыга маалымат каражаттары бүгүн жаңылыктарды берүүнү токтотот

Кыргызстанда эркин маалымат каражаттарына болуп көрбөгөндөй кысым болуп жатканына байланыштуу бүгүн, 28-октябрдан тарта ЖМКна кысым көрсөтүүгө каршы масштабдуу маалыматтык кампания башталат.

28-октябрда Blackout Day күнү жарыяланат – саат 9:00дөн 12:00гө чейин жаңылыктарды берүү жана жарыялоо толук токтотулат.

Ошондой эле Blackout Day учурунда редакциялар мамлекеттик органдардын пресс-релиздерин бир күн бою жарыялоодон баш тартышат.

КР Маданият министрлиги «Азаттык» редакциясынын сайтын жабуу боюнча легитимсиз чечим кабыл алды. Кыргызстандын медиа коомчулугу бийликти сөз жана басма сөз эркиндигине массалык жана болуп көрбөгөндөй кысым көрсөтүүнү токтотууга, журналисттерге, блоггерлерге, жарандык активисттерге жана өз оюн эркин билдирген башка адамдарга карата кылмыш иштерин токтотууга чакырат.

Economist.kg окурмандарыбыздын түшүнүгүнө ишенет. Өлкөбүз үчүн оор учурда биз сиздерди медиа коомчулук менен тилектештикке чакырабыз.

#күччындыкта

#силавправде

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун