Бүгүн Чүй облусунун беш миңден ашуун карызы бар абоненттердин электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн Чүй облусунун беш миңден ашуун карызы бар абоненттердин электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 14-ноябрда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун 5 миң 200дөн ашык абоненттерин дебитордук карыздары үчүн электр жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу “Чүй электр тармактар ишканасы” билдирди.

Ыңгайсыздыктар жаралбаш үчүн “Чүй электр тармактар ​​ишканасы” абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат.

Белгилей кетсек, аталган ишкананын сайтында «Абоненттик баланс» бөлүмү бар, анын жардамы менен бардык абоненттер, анын ичинде турак-жай жана өнөр жай абоненттери каалаган учурда жеке эсебин текшерип, карызын көрө алат.

Кошумчалай кетсек, абоненттер балансын күнү-түнү иштеген Call-борборго – 1209, 0772/0702/0556 00 12 09 телефондоруна чалып же 0556 001209 WhatsApp номерине билдирүү жөнөтүп билсе болот.

Белгилей кетсек, абоненттер электр энергиясы үчүн карыздарды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSTS (Kassa-24), Megacom, «O!», «Оңой» төлөм терминалдары аркылуу төлөй алышат. Ошондой эле «О!», MegaPay, UMAI, «Элсом», төлөм капчыктары аркылуу төлөсө болот жана «РСК Банк», «Керемет Банк», «Дос Кредо Банк», «Бакай Банк» кассаларында, «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» », «Халык Банк», «КICВ Банк», «Оптима Банк», ошондой эле «Кыргызпочтасы» МИ электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү реалдуу убакыт режиминде кабыл алышат.

Мындан тышкары окуңуз

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

Бүгүн, 12-февралда Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуш” ЖЧКнын үлүш ээлери менен “Кудайберген” турак жай комплексинин курулуш объектисинде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттин жетекчилери жана компаниянын үлүш ээлери катышты. Белгилей кетсек, аталган компаниядан 4 жыл мурда турак жай сатып

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал тилкесине түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам ачылганын "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда №24 Жол тейлөө мекемеси тарабынан тазалоо иштери улантылып, жолду эки тараптуу ачуу аракети көрүлүүдө. Ишке 3 даана жүктөгүч унаа, 2 грейдер, 1 Howo унаасы жана 12 киши

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд 90дон ашык өлкөнүн жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартышы мүмкүн экенин Bangkok Post гезити жазды. Туризм жана спорт министрлигинин маалыматына ылайык, бул чара падышалыктын туристтик тармагына терс таасирин тийгизбеши керек, анткени чет элдик туристтердин көпчүлүгү өлкөдө орточо эсеп менен бир айдан аз убакыт болушат.

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча майнерлер 213,2 млн кВт⋅саат электр энергиясын керектешкен (-2,4%). Бул маалымат Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан берилген отчеттун талдоосунан белгилүү болду. Салыштыруу үчүн: 2024-жылы электр энергиясын керектөө 218,5 млн кВт⋅саатты түзгөн. Кызматтын маалыматына ылайык, 2025-жылы майнерлер Кыргызстандын бюджетине 206,17