Доллар ордунда, евронун курсу көтөрүлүп баштады

Доллар ордунда, евронун курсу көтөрүлүп баштады

Бүгүн, 14-ноябрга карата Кыргызстанда доллардын рыноктук курсу 83.5-84.5 сом болууда (сатып алуу-сатуу).

Valuta.kg сайты маалымдагандай, эртең менен саат 10.00гө карата Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын орточо курсу 83.5 сомду (сатып алуу) жана 84.5 сомду (сатуу) түздү. Коммерциялык банктар да доллардын курсун бүгүн бирдей коюшту.

Белгилей кетчү нерсе, евронун наркы көтөрүлүүдө. 1 евронун алуу курсу – 86.5 жана сатуу – 87.5 сомдон болууда. Ал эми комбанктарда сатуу курсу 88 сомго чейин жетүүдө.

Улуттук банктын 14-ноябрга карата койгон доллардын расмий курсу 83.2-84.3 сомду түздү. Ал эми евро – алуу 84.1, сатуу – 86.5 сом.

Мындан тышкары окуңуз

УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Кыргызстанга кайтып келди

УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Кыргызстанга кайтып келди

Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары жана УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн таң эрте Кыргызстанга кайтып келгенин социалдык тармактарда журналист Айбек Бийбосунов билдирди. Маалыматтарга караганда, саясатчы Манас эл аралык аэропортуна келип түшкөн. Ал дароо унаага отуруп кетип калгандыктан, журналисттер ага суроо узатууга жетишкен эмес. Буга чейин Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

Бүгүн, 12-февралда Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуш” ЖЧКнын үлүш ээлери менен “Кудайберген” турак жай комплексинин курулуш объектисинде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттин жетекчилери жана компаниянын үлүш ээлери катышты. Белгилей кетсек, аталган компаниядан 4 жыл мурда турак жай сатып

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал тилкесине түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам ачылганын "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда №24 Жол тейлөө мекемеси тарабынан тазалоо иштери улантылып, жолду эки тараптуу ачуу аракети көрүлүүдө. Ишке 3 даана жүктөгүч унаа, 2 грейдер, 1 Howo унаасы жана 12 киши

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд 90дон ашык өлкөнүн жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартышы мүмкүн экенин Bangkok Post гезити жазды. Туризм жана спорт министрлигинин маалыматына ылайык, бул чара падышалыктын туристтик тармагына терс таасирин тийгизбеши керек, анткени чет элдик туристтердин көпчүлүгү өлкөдө орточо эсеп менен бир айдан аз убакыт болушат.