«Тянь-Шань Керамик» ЕАЭБ алкагында тарифтик жеңилдиктерди алат

«Тянь-Шань Керамик» ЕАЭБ алкагында тарифтик жеңилдиктерди алат

Инвестици боюнча агенттик «Тянь-Шань Керамик» ЖЧКсын керамогранит плиткаларын чыгаруу боюнча экинчи этаптын алкагында инвестициялык долбоорлордун реестрине киргизди. Бул тууралуу агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун биринчи этабы керамикалык плиткаларды чыгарууну жана өндүрүүнү камтыйт. Экинчи линияны ишке киргизүү жогорку сапаттагы фарфор плиткаларын чыгарууну камсыз кылат. “Тянь-Шань Керамиктин” жумушчуларынын саны 400 кызматкерге чейин көбөйөт.

Заводдун курулушуна жеке инвесторлор тарабынан 50 млн доллар бөлүнгөн.”Тянь-Шань керамик” КРдагы керамикалык плитканы чыгарган жалгыз завод болуп саналат. 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында ишкана өлкө бюджетине 85 млн сомдон ашык, 2021-жылы 96 млн сомдон ашык каражат которгон.

Тянь-Шань керамикалык буюмдар Россияга, Казакстанга экспорттолуп, Кыргызстандын ички рыногуна да сатылат.


Маалымат:

Инвестициялык долбоорлордун реестри «Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бирдиктүү бажы-тарифтик жөнгө салуу жөнүндө» Бажы биримдигинин комиссиясынын чечими менен белгиленген тарифтик жеңилдиктерди берүүнү камтыйт.

Мындан тышкары окуңуз

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

Бүгүн, 12-февралда Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуш” ЖЧКнын үлүш ээлери менен “Кудайберген” турак жай комплексинин курулуш объектисинде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттин жетекчилери жана компаниянын үлүш ээлери катышты. Белгилей кетсек, аталган компаниядан 4 жыл мурда турак жай сатып

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал тилкесине түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам ачылганын "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда №24 Жол тейлөө мекемеси тарабынан тазалоо иштери улантылып, жолду эки тараптуу ачуу аракети көрүлүүдө. Ишке 3 даана жүктөгүч унаа, 2 грейдер, 1 Howo унаасы жана 12 киши

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд 90дон ашык өлкөнүн жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартышы мүмкүн экенин Bangkok Post гезити жазды. Туризм жана спорт министрлигинин маалыматына ылайык, бул чара падышалыктын туристтик тармагына терс таасирин тийгизбеши керек, анткени чет элдик туристтердин көпчүлүгү өлкөдө орточо эсеп менен бир айдан аз убакыт болушат.

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча майнерлер 213,2 млн кВт⋅саат электр энергиясын керектешкен (-2,4%). Бул маалымат Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан берилген отчеттун талдоосунан белгилүү болду. Салыштыруу үчүн: 2024-жылы электр энергиясын керектөө 218,5 млн кВт⋅саатты түзгөн. Кызматтын маалыматына ылайык, 2025-жылы майнерлер Кыргызстандын бюджетине 206,17