Бишкек ЖЭБине казакстандык көмүрдүн биринчи партиясы келди

Бишкек ЖЭБине казакстандык көмүрдүн биринчи партиясы келди

Бишкек ЖЭБине казакстандык көмүрдүн биринчи партиясы келди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, «Электр станциялары» ААКсы «Каражыра» ААКсы менен импорттук D классындагы 400 миң тонна көмүрдү тоннасын 53.45 доллардан алып келүү боюнча келишим түзгөн. Көмүр менен камсыздоо графикке ылайык, 2022-жылдын ноябрь айынан 2023-жылдын май айына чейин жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө ЖЭБдин аймагында 172 миң тоннадан ашык көмүр бар жана күнүмдүк керектөө суткасына 7.2 миң тоннаны түзөт.

Күз-кыш мезгилин өтүүгө Бишкек ЖЭБине жалпысынан 1.5 млн тонна көмүр керектелет, анын ичинен 400 миң тоннасы импорттук көмүр, 1 млн 100 миң тоннасы кыргыз көмүр, анын 1 млн 50 миңи Кара-Кече кенинен, 50 миңи Таш-Көмүр кенинен алынып келинет.

Мындан тышкары окуңуз

Айсулуу Тыныбекова 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышарын билдирди

Айсулуу Тыныбекова 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышарын билдирди

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде спортко кайтып, Олимпиада оюндарына катышарын айтты. "2028-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына катышам. Ошондуктан мен спортко кайтам”, - деди спортчу. Жайкы Олимпиада оюндары АКШнын Лос-Анжелес шаарында 2028-жылдын 14-30-июль күндөрү өтөт. Балбан Айсулуу Тыныбекова - Азиянын алты жолку чемпиону,

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү актив жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, анда аймактагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Жолугушууда тургундар мектеп жана бала бакча куруу, билим берүү мекемелерин кеңейтүү, жер тилкелерин берүү, ирригация системасын жакшыртуу, газдаштыруу, медициналык тейлөө жана жол инфраструктурасы боюнча маселелерди

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл