Бишкекте коомдук транспортто накталай төлөм кымбатыраак болот

Бишкектин коомдук транспортунда дифференцияланган тариф киргизгени жатышат: накталай акча менен кымбатыраак, карта же тиркеме менен төлөө арзаныраак болмокчу. Бул тууралуу жол-транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.

Нусувалиевдин айтымында, мындай чара элди электрондук төлөмгө эртерээк өткөрүү үчүн киргизилет. Мисалы, жол кире акысы накталай түрдө 15 сом, накталай эмес түрдө 11 сом болот. Мындай тариф шаардык кеңеш уруксат берсе киргизилет.

«Биз муну ыңгайсыздык жаратыш үчүн эмес, эл бюджеттик акчаны консолидациялоого жардам бериши үчүн киргизгени жатабыз. Баары эле билет, кээ бир айдоочулар жумуштан кийин кирешенин кайсы бир бөлүгүн чөнтөгүнө салып кетишет. Ал эми биз, муниципалдык ишкана катары, каражатты өз эсебибизге чогултушубуз керек», – деди департаменттин директору.

Эскерте кетсек, чиновник ошондой эле Бишкек үч жылдан бери жол кире акысын электрондук түрдө төлөөгө өтө албай жатканын айткан эле.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун