ИИМдин кызматкерлеринин маяналарына 20-30 миң сомдон үстөк акы төлөнөт

ИИМдин кызматкерлеринин маяналарына 20-30 миң сомдон үстөк акы төлөнөт

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги дээрлик бардык кызматкерлердин октябрь айындагы эмгек акысына үстөк акы төлөнүп жатканын билдирди. Айрым башка бөлүмдөрдө мыйзамда белгиленген төлөмдөр бир аз кечирээк берилет.

2022-жылдын 1-октябрынан тартып аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөктөрдү жылдык эмгек акы фонду 80%га чейин жогорулатылган. 

ИИМдин буйругуна ылайык, ар бир айда ички иштер органдарынын кызматкерлеринин айлык акысы менен кошо үстөк акы 20 миң сом төлөнүп турат.

Баткен, Лейлек райондорунун, Баткен жана Сүлүктү шаарларынын аймагында кызматын өтөшкөн милиция кызматкерлери менен ИИмдин аскер кызматчыларынын айлык акысына ар бир ай сайын 30 миң сомдон үстөк акы кошумча төлөнүп берилет. Бул үстөк акы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде делимитация жана демаркация процесстери толук аяктаганга чейин төлөнүп турат. 

“Бүгүнкү күнү ИИМдин көпчүлүк бөлүктөрүндө октябрь айы үчүн айлык акыдан сырткары  үстөк акы дагы төлөнүп берилди. Айрым бөлүктөр үстөк акыны кийинчерээк алышат. Азыркы учурда ИИМдин Күзөт кызматы күзөт кызматын көрсөткөндөрү үчүн келишимдерди кайрадан түзүү боюнча иштерди жүргүзүп жатышат. Бул иш-чаралар толук аяктагандан кийин ИИМдин Күзөт кызматынын милиция  кызматкерлери  1-октябрдан тартып үстөк акы толук кайрадан төлөнүп берилет”, – деп айтылат маалыматта. 

Мындан тышкары окуңуз

Айсулуу Тыныбекова 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышарын билдирди

Айсулуу Тыныбекова 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышарын билдирди

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде спортко кайтып, Олимпиада оюндарына катышарын айтты. "2028-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына катышам. Ошондуктан мен спортко кайтам”, - деди спортчу. Жайкы Олимпиада оюндары АКШнын Лос-Анжелес шаарында 2028-жылдын 14-30-июль күндөрү өтөт. Балбан Айсулуу Тыныбекова - Азиянын алты жолку чемпиону,

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү актив жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, анда аймактагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Жолугушууда тургундар мектеп жана бала бакча куруу, билим берүү мекемелерин кеңейтүү, жер тилкелерин берүү, ирригация системасын жакшыртуу, газдаштыруу, медициналык тейлөө жана жол инфраструктурасы боюнча маселелерди

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл