Камчы Көлбаев жана анын жакын 10 адамы кармалды - УКМК

Камчы Көлбаев жана анын жакын 10 адамы кармалды - УКМК

“Мыйзамдагы ууру” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) жана анын жакын санаалаш 10 адамы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка таянсак, алар уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында кармалган.

“Кыргыз-Кытай чек арасына жакын жердеги “Булат-М” мергенчилик талаасынан кайтып келе жатканда “Карасай” чек ара пунктунан “мыйзамдагы ууру” деп аталган К. Асанбек жана анын жакын санаалаш 10 адамы кармалды. Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандар мамлекеттик органдарынан тиешелүү уруксаттары жок чек ара аймагында жүргөндүгү аныкталган”, – деп айтылат маалыматта.

Камчы Асанбек жана анын жанындагыларга карата административдик камакка алуу боюнча тиешелүү протоколдор түзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында 8 даана ок атуучу курал (4 “Сайга” карабини жана 4 даана “ПМ” жана “Глок” үлгүсүндөгү  тапанча) табылып алынган.

УКМК маалымдагандай, К. Асанбектин жана анын жакын санаалаштарынын иш-аракеттеринде КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 429-беренесин (Мамлекеттик чек ара режимин, чек арага жакын аймактардагы чек ара режимин жана КРнын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу) боюнча кылмыш белгилери көрүнгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Айсулуу Тыныбекова 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышарын билдирди

Айсулуу Тыныбекова 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышарын билдирди

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде спортко кайтып, Олимпиада оюндарына катышарын айтты. "2028-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына катышам. Ошондуктан мен спортко кайтам”, - деди спортчу. Жайкы Олимпиада оюндары АКШнын Лос-Анжелес шаарында 2028-жылдын 14-30-июль күндөрү өтөт. Балбан Айсулуу Тыныбекова - Азиянын алты жолку чемпиону,

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү актив жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, анда аймактагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Жолугушууда тургундар мектеп жана бала бакча куруу, билим берүү мекемелерин кеңейтүү, жер тилкелерин берүү, ирригация системасын жакшыртуу, газдаштыруу, медициналык тейлөө жана жол инфраструктурасы боюнча маселелерди

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл