КРнын ишкерлери ӨКӨФ аркылуу өзбекстандык техникаларды лизингге алса болот
КРнын ишкерлери Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу өзбекстандык техникаларды лизингге ала алышат. Бул тууралуу ӨКӨФ билдирди.
Уюм Улутстаткомдун маалыматы боюнча 2016-жылдан 2021-жылга чейин Кыргызстанда түзүлгөн лизингдик келишимдердин саны эки эсеге – ал жылына 399дан 863 келишимге чейин көбөйгөнүн белгиледи. Ал эми лизингдик каржылоонун көлөмү дээрлик үч эсеге – 600 млн сомдон 1.7 млрд сомго чейин өстү.
Бүгүнкү күндө фонддун катышуусунда өзбекстандык өндүрүшчүлөр менен кызматташуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Кыргызстандын ишкерлери өздөрүнө технологиялык жана медициналык жабдууларын, айыл чарба жана атайын техникаларын, жүк ташуучу жана жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларды лизингге ала алышат.