КР чек арачылары Россияда санкция салынган контрабандалык товарларды кармашты

Казакстан менен чектеш “Кең-Булуң” өткөрмө пунктунда катталбаган жүктүн ири партиясы табылды. Жүктү алып бара жаткан унаа айдоочусу менен кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 20-ноябрда Кыргызстандын жараны айдап бара жаткан Volvo жүк ташуучу унаасы “Кең-Булуң” постуна келген. Айдоочу Казакстанга бараткан.

Чек арачылар унааны жана артындагы жүктү текшеришкен. 30.3 миң бөтөлкө атыр, 2.5 миңден ашык таңгак аялдардын креми, 40 миң көз айнек, 6.3 миң көз айнек кутусу, 4.8 миң көз айнек үчүн каражаттар, 380 кол чатыр, 40 куту тиричилик батарейкасы жана 1 миң таңгак нымдуу салфетка табылган. Мындай ири партиядагы керектөөчү товарлар үчүн айдоочуда эч кандай документтер болгон эмес.

Кыргызстандын чек арачылары айдоочуну, унааны жана ташылган жүктү камакка алышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган товар болжол менен 42 млн сомго бааланган.

Economist.kg мурда кабарлагандай, 2022-жылдын сегиз айында Кыргызстандан Россияга экспорттун көлөмү эки эсеге өсүп, 445 млн долларды түзгөн. Ошондой эле санкциялык тизмеге кирген товарлардын көлөмү көбөйгөн, анын ичинде парфюмерия, косметика, аялдардын сумкалары бар.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун