2023-жылы ГЭС курууга, ипотекага, туризмге жана башка долбоорлорго 17 млрд сомдон ашык каражат бөлүнөт

Келерки жылы ири экономикалык долбоорлорду каржылоого, анын ичинде ГЭС курууга, туризмди өнүктүрүүгө жана жеңилдетилген ипотекалык кредиттерди берүүгө республикалык бюджеттен 17 млрд сомдон ашык каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Каражаттын эң чоң көлөмү энергетика тармагын капиталдаштырууга багытталат. Келерки жылы бул максаттарга 10.8 млрд сом бөлүнөт. Жакынкы эки жылда энергетика тармагына мындан да көп каражат салуу пландаштырылууда: 2024-жылы 55.8 млрд сом жана 2025-жылы 57.1 млрд сом.

2023-жылы Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушу уланат. Гидроэлектростанциянын курулушуна бюджеттен 816.7 млн сом бөлүнөт.

Баткен облусун өнүктүрүүгө Финмин 500 млн сом багыттайт.

Ошондой эле эки мамлекеттик банктын (“РСК Банк” жана “Айыл Банк”) уставдык капиталын 3 млрд сомго көбөйтүү пландалууда. Банктардын ар бирине бюджеттен 1.5 млрд сомдон бөлүнөт.

Келерки жылы ипотекалык насыялоону улантууга (каражатты “Мамлекеттик ипотекалык компания” алат) жана туризм тармагын өнүктүрүүгө 1 млрд сомдон бөлүнөт.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун