Бишкектин жанында Борбор Азиядагы эң чоң эс алуу жайларынын бири курулат

Бишкектен алыс эмес жерде Орто Азиядагы эң чоң эс алуу жайларынын (резорт) бири курулат. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда, маалымат жыйынында Туризмди өнүктүрүү фондунун президенти Елена Калашникова билдирди.

Анын айтымында, фонд буга чейин министрлер кабинетинен макулдук алып, Кыргызстанда эки абдан чоң долбоорду ишке ашыра баштаган. Алардын бири Бишкектин жанындагы эл аралык класстагы эс алуу зонасы.

“Комплексти азырынча Оруу-Сай деп эле атап жатабыз. Ал 15 км асма жолу жана 50 километрден узак лыжа трассалары бар дүйнөлүк деңгээлдеги курорт болот. Ал кышкы жана жайкы спорт менен машыкса боло турган эс алуу жайы болот. Ал жыл бою иштейт. Ал жерде турак жайлар, тамактануучу жайлар, бассейндер, сейилдөө, ат минүү, зиплайндар жана башкалар болот. Бул Борбор Азиядагы эң ири долбоорлордун бири, келечектин долбоору”, – деди Калашникова.

Экинчи ири долбоор катары ал Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде курулуучу эл аралык спорт комплексин белгиледи. Анын айтымында, бул мелдештерди өткөрүү үчүн эмес, машыгуу үчүн комплекс болот.

«Ал борбордо эл аралык стандарттарга ылайык курулган стадиондор, бассейндер жана машыгуу залдары болот. Трибуналар болбойт. Бирок комплекс туристтик комплекс менен айкалышат. Анын аркасы менен туризм тармагынын эсебинен спортубузду өнүктүрүп, спортчуларга жакшы шарттарды түзө алабыз деп үмүттөнөм», – деп фонддун жетекчиси сөзүн жыйынтыктады .

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев: Быйыл өлкө ИДПсы 10%га өсүп, 1,24 трлн сомго жетти

Адылбек Касымалиев: Быйыл өлкө ИДПсы 10%га өсүп, 1,24 трлн сомго жетти

Күн мурун Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Gulf News» эл аралык басылмасына интервью берип, өлкөнүн экономикалык жетишкендиктери жана өнүгүү багыттары тууралуу маалымат берди. МинКаб башчысы акыркы жылдары туруктуу экономикалык өсүш байкалганын белгилеп, акыркы үч жылда орточо өсүү 9,0%, ал эми 2025-жылдын 9 айындагы ИДПнын өсүшү 10,0% болуп, көлөмү

Кыргызстанда балык чарбаларын калыбына келтирүү иштери башталды

Кыргызстанда балык чарбаларын калыбына келтирүү иштери башталды

Балык өнөр жайы комплекси департаменти 2025–2026-жылдары мамлекеттик балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын жасалма көбөйтүү иштерин баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чаралар Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын Биология институту менен макулдашылган план-прогноздун негизинде жүргүзүлүүдө. Максат — балык запастарын сактоо жана көбөйтүү аркылуу өлкөнүн

Кыргыз-мисир бизнес-форуму өттү

Кыргыз-мисир бизнес-форуму өттү

КРнын Президентинин Мисирге болгон расмий сапарынын алкагында Мисирдин ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда Каир шаарында биринчи жолу кыргыз-мисир бизнес-форуму болуп өттү.  Премьер-министр Мустафа Мадбули кыргыз делегациясын тосуп алып, Президент Садыр Жапаровдун сапары эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөдө маанилүү баскыч болоруна ишеним билдирип, жетишилген макулдашуулар жана кол коюлган келишимдер эки өлкөнүн

Бишкектин мектеп окуучуларына дуалдык билим берүү башталды

Бишкектин мектеп окуучуларына дуалдык билим берүү башталды

Шаар башчысы Айбек Джунушалиевдин кесиптик окуу жайларынын директорлору менен болгон жолугушуудан кийинки тапшырмаларына ылайык, мектеп окуучуларына дуалдык билим берүү программасын практикалык жүзөгө ашыруу башталды. “Ачык эшиктер күнү” алкагында №100 лицейде мектеп окуучуларын эрте кесиптик даярдоого багытталган жаңы долбоор старт алды. Долбоорго биринчи кошулган мектептердин бири №68 мектеп болду. Анын окуучулары