Эл жана ишкерлер баалардын өсүшүн кууп жете албай жатат - Аалы Карашев

Калк жана ишкерлер баалардын тез өсүшүнө туруштук бере албай жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аалы Карашев азык-түлүк коопсуздугу боюнча тегерек столдо билдирди.

«Бүгүнкү күндө өлкө, калк жана ишкерлер баалардын ылдам өсүшүн кууп жете албай жатат», – деди ал.

Быйылкы жылдын 10 айында эле инфляция 12.1%ды түзүп, азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 13.1%га өскөнүн Карашев белгилеп айтты. Кумшекердин баасы 33.5%га, ун – 26.9%га, макарон жана башка дан азыктары – 22.5%га, башка сүт азыктары – 22.4%га кымбаттаганын айтты.

Бир жагынан өлкөдө орточо айлык акы 27.9%га өскөнүн, бирок ал көбөйгөн кирешенин баары азык-түлүк сатып алууга жумшалганын экс-депутат кошумчалай кетти.

Мындан тышкары окуңуз

Караколдо жашыл экономика жана жеке сектордун өсүшү талкууланды

Караколдо жашыл экономика жана жеке сектордун өсүшү талкууланды

Кечээ, Каракол шаарында GIZ Программасынын "Жашыл экономика жана жеке сектордун туруктуу өнүгүшү" боюнча Регионалдык Байкоочу кеңешинин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Программа Германия Өкмөтүнүн, Европа Биримдигинин жана Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда. Иш-чарага министрликтердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишкерлер

Адылбек Касымалиев: Быйыл өлкө ИДПсы 10%га өсүп, 1,24 трлн сомго жетти

Адылбек Касымалиев: Быйыл өлкө ИДПсы 10%га өсүп, 1,24 трлн сомго жетти

Күн мурун Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Gulf News» эл аралык басылмасына интервью берип, өлкөнүн экономикалык жетишкендиктери жана өнүгүү багыттары тууралуу маалымат берди. МинКаб башчысы акыркы жылдары туруктуу экономикалык өсүш байкалганын белгилеп, акыркы үч жылда орточо өсүү 9,0%, ал эми 2025-жылдын 9 айындагы ИДПнын өсүшү 10,0% болуп, көлөмү

Кыргызстанда балык чарбаларын калыбына келтирүү иштери башталды

Кыргызстанда балык чарбаларын калыбына келтирүү иштери башталды

Балык өнөр жайы комплекси департаменти 2025–2026-жылдары мамлекеттик балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын жасалма көбөйтүү иштерин баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чаралар Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын Биология институту менен макулдашылган план-прогноздун негизинде жүргүзүлүүдө. Максат — балык запастарын сактоо жана көбөйтүү аркылуу өлкөнүн

Кыргыз-мисир бизнес-форуму өттү

Кыргыз-мисир бизнес-форуму өттү

КРнын Президентинин Мисирге болгон расмий сапарынын алкагында Мисирдин ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда Каир шаарында биринчи жолу кыргыз-мисир бизнес-форуму болуп өттү.  Премьер-министр Мустафа Мадбули кыргыз делегациясын тосуп алып, Президент Садыр Жапаровдун сапары эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөдө маанилүү баскыч болоруна ишеним билдирип, жетишилген макулдашуулар жана кол коюлган келишимдер эки өлкөнүн