Журналист Болот Темировду Москвага айдап жиберишти

Журналист Болот Темировду Москвага айдап жиберишти

Иликтөөчү журналист Болот Темиров кечээ саат 20:00дө “Манас” аэропортунан Москвага учкан учакка отургузулду, деп билдирет Kaktus.media.

Басылманын булактарынын айтымында, журналист менен укук коргоо органынын кызматкери учуп кеткен.

Болот Темировдун эч бир мамлекеттин паспорту жок.

Алдын ала маалыматтар боюнча, укук коргоо органдарына Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен Болот Темировдун атына кандайдыр бир документ келип түшкөн. Бул документтин негизинде Темиров өлкөдөн чыгарылган.

Белгилей кетсек, бул Бишкек — Москва каттамын Avia Trafic Company компаниясы аткарат. Учак саат 20:00дө учуп чыгышы керек болчу.


Эске сала кетсек, кечээ Бишкектин шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировго карата райондук соттун чечимине прокуратуранын апелляциясын карады. Соттук коллегия журналистти Кыргызстандан айдоо чечимин чыгарды. Чечим жарыялангандан кийин Темировду күч менен сот залынан чыгарып кетишкен. Адвокаттарга Темировду ким жана кайда алып кетишкенин айтпай коюшкан.

Темиров буга чейин бийлик өкүлдөрүнүн бизнестерин, саясатын иликтеген материалдарын чыгарып келген.

Мындан тышкары окуңуз

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы

Бишкекте рейд учурунда 30дан ашык унаа айып короого жеткирилди

Бишкекте рейд учурунда 30дан ашык унаа айып короого жеткирилди

Бүгүн саат 06:00дөн 09:00гө чейин Бишкек шаарында туура эмес токтотулган унааларды аныктоо жана тартипке келтирүү максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Иш-чарага шаар мэриясынын төрт административдик районунун өкүлдөрү, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти, Жол кайгуул кызматы, Муниципалдык инспекция жана “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасынын эвакуатор

Тоо текени, эликти мыйзамсыз атууга айып пул жогорулатылды

Тоо текени, эликти мыйзамсыз атууга айып пул жогорулатылды

Кыргызстанда жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыян үчүн айып пулдардын өлчөмү жаңыртылды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Өкмөттүн "Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумия камтыган минералдык чийки затка жана козу карындарга юридикалык жана жеке жактар тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмдөрүн эсептөө боюнча тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтомуна

Президент асыл тукум мал чарбачылыгы жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент асыл тукум мал чарбачылыгы жөнүндө мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасында мал чарбасындагы асыл тукум иши жөнүндө" мыйзамына кол коюлганын президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирди. Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 4-мартында кабыл алынган. Мыйзамды кабыл алуунун негизги максаты — асыл тукум мал чарбасын мындан ары өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана ушул тармактагы мыйзамдарды өркүндөтүү