Дүйнөлүк банк Баткендин бюджетин жана ишкерлерин колдоо үчүн 25 млн доллар бөлдү

Дүйнөлүк банк Баткендин бюджетин жана ишкерлерин колдоо үчүн 25 млн доллар бөлдү

Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин депутаттарына Баткен облусунун жабыр тарткан тургундарына эл аралык институттар тарабынан колдоо көрсөтүлүп жатканын айтты.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева былтыр 2021-жылы Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жапа чеккендерге кандай мамлекеттик колдоо көрсөтүлгөндүгү тууралуу суроо берди.

Экономика министри Данияр Амангелдиев парламентарийлерге Дүйнөлүк банк жергиликтүү бюджетти жана ишкерлерди колдоо үчүн 25 млн доллар бөлгөнүн билдирди.

«346 ишкерге 253.6 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыялар берилип, компенсацияларды төлөө шарттары каралууда», – деди ал.

Буга чейин Economist.kg Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо механизмдери тууралуу кененирээк жазган.

Мындан тышкары окуңуз

Баткендеги Кара-Булак айылында ичүүчү суу системасы жаңыланууда

Баткендеги Кара-Булак айылында ичүүчү суу системасы жаңыланууда

Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылында “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ичүүчү суу системасын куруу иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, айылдагы суу системасы 1950-жылы курулуп, тоо булактарынан өз агымы менен келген суу аркылуу иштеп келген. Бирок 70 жылдан

Кыргызстанда ФАОнун 35 млн долларлык долбоорлору ишке ашууда

Кыргызстанда ФАОнун 35 млн долларлык долбоорлору ишке ашууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э.А. Акунбеков ФАО уюмунун Башкы директору Олег Таджмаматович менен жолугушту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө министр агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу багытында көп жылдык стратегиялык кызматташтык үчүн ФАО

Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегаты инженердик текшерүүдөн өткөрүлдү

Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегаты инженердик текшерүүдөн өткөрүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатынын участогунда инженердик-техникалык текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Текшерүү иштери гидроагрегаттагы курулуш имараттарынын жер титирөөгө туруктуулугун баалоо, №2 суу өткөрүүчү туннелдин коопсуздугун камсыздоо жана компрессордук жабдууларды орнотуу иштеринин алкагында

Бишкекте Дэн Сяопин–Кустанай көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Бишкекте Дэн Сяопин–Кустанай көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектиси менен Кустанай көчөсүнүн кесилиши 8-апрелден 13-апрелге чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган тилкеде оңдоо иштери жүргүзүлөт. Муниципалдык кызматтар шаар тургундарын жана айдоочуларды убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат. Ошондой эле каттамдарды алдын ала пландап алуу сунушталат.