Кыргызстанда ФАОнун 35 млн долларлык долбоорлору ишке ашууда

Кыргызстанда ФАОнун 35 млн долларлык долбоорлору ишке ашууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э.А. Акунбеков ФАО уюмунун Башкы директору Олег Таджмаматович менен жолугушту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу багытында көп жылдык стратегиялык кызматташтык үчүн ФАО уюмуна ыраазычылык билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанда ФАОнун жалпы суммасы 35 миллион АКШ долларын түзгөн 13 улуттук долбоору ишке ашырылууда. Бул долбоорлор мал чарбачылыгын жана багбанчылыкты өнүктүрүү, органикалык айыл чарба, суу ресурстарын башкаруу, санариптештирүү, биокоопсуздук жана жашыл инвестицияларды камтыйт. Мындан тышкары, өлкө уюмдун аймактык жана глобалдык демилгелерине да активдүү катышууда.

Министр ФАОнун адистеринин жогорку кесипкөйлүгүн белгилеп, айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү жана калктын жашоо сапатын жогорулатуу багытында кызматташууну мындан ары да чыңдоого ишеним билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу