Кытайдан Өзбекстанга темир жолдун курулушун изилдөө үчүн кытайлык инженерлер келишти

Кытайдан Өзбекстанга темир жолдун курулушун изилдөө үчүн кытайлык инженерлер келишти

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн кытайлык инженерлер Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу бүгүн элдик курултайда президент Садыр Жапаров билдирди.

Жапаров адистер Нарын жана Жалал-Абад облустарында изилдөө иштерин жүргүзөрүн айтты.

«Бул темир жолдун курулушу өлкөбүзгө деңизге чыгууга мүмкүндүк берет, биздин темир жолду транзиттик жолго айлантат. Бул өнүгүүгө чоң экономикалык түрткү берет», – деди Жапаров.

Бийлик ири долбоордун ишке ашырылышы келечекте мамлекетке ири кирешелерди алууга жана чет элдик инвестицияларды тартууга кеңири шарттарды түзөт деп ишенерин айтты.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарында 375 орундуу заманбап мектеп курулуп жатат

Манас шаарында 375 орундуу заманбап мектеп курулуп жатат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Манас шаарында 6 мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Алардын бири Көк-Арт муниципалдык аймактык башкаруусуна караштуу Ак-Тилек кичи шаарчасында 375 орунга ылайыкталган мектеп болуп саналат. Долбоорго ылайык, мектептин имаратынын жалпы аянты 4200 чарчы метрди түзүп,

Баткендеги Кара-Булак айылында ичүүчү суу системасы жаңыланууда

Баткендеги Кара-Булак айылында ичүүчү суу системасы жаңыланууда

Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылында “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ичүүчү суу системасын куруу иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, айылдагы суу системасы 1950-жылы курулуп, тоо булактарынан өз агымы менен келген суу аркылуу иштеп келген. Бирок 70 жылдан

Кыргызстанда ФАОнун 35 млн долларлык долбоорлору ишке ашууда

Кыргызстанда ФАОнун 35 млн долларлык долбоорлору ишке ашууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э.А. Акунбеков ФАО уюмунун Башкы директору Олег Таджмаматович менен жолугушту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө министр агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу багытында көп жылдык стратегиялык кызматташтык үчүн ФАО

Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегаты инженердик текшерүүдөн өткөрүлдү

Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегаты инженердик текшерүүдөн өткөрүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатынын участогунда инженердик-техникалык текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Текшерүү иштери гидроагрегаттагы курулуш имараттарынын жер титирөөгө туруктуулугун баалоо, №2 суу өткөрүүчү туннелдин коопсуздугун камсыздоо жана компрессордук жабдууларды орнотуу иштеринин алкагында