Кыргызстандын Улуттук банкында 40 тоннага жакын «Кумтөр» алтыны сакталып турат - Садыр Жапаров

Кыргызстандын Улуттук банкында 40 тоннага жакын «Кумтөр» алтыны сакталып турат - Садыр Жапаров

Учурда Кыргызстандын Улуттук банкында 40 тоннага жакын “Кумтөр” алтыны сакталып турат. Бул тууралуу Садыр Жапаров Курултайдын ишинин жыйынтыгын чыгарып жатып билдиргенин президенттин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 25-26-ноябрь күндөрү Бишкекте өткөн Биринчи Элдик Курултай өз ишин аяктады. Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган мигранттардын жана диний конфессиялардын өкүлдөрүнөн турган миңден ашуун делегат катышты.

“Садыр Жапаров улуттун менчиги болгон “Кумтөр” кени, аны кайтаруу процессиндеги кыйынчылыктарга карабастан, Кыргызстанга кайтарылганына токтолуп, басым жасады. Учурда Кыргызстандын Улуттук банкында 40 тоннага жакын “Кумтөр” алтыны сакталып турат”, – деп айтылат маалыматта.

Президент ошондой эле мамлекеттик системадагы кадр саясаты, кармалган активисттер, чет мамлекеттерде жазасын өтөп жаткан 900 кыргызстандыкты экстрадициялоо боюнча суроолорго жооп берген.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Ой эс алуу аймагында саркынды сууларды тазалоочу жай курулат

Кара-Ой эс алуу аймагында саркынды сууларды тазалоочу жай курулат

Ноокат районуна караштуу "Кыргыз-Ата" мамлекеттик жаратылыш паркынын Кара-Кой эс алуу аймагында саркынды сууларды тазалоочу жайдын курулушу башталганын "Кабар" агенттигине президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирген.   Аталган жайды курууга өлкөнүн Турукташтыруу фондунан 385,8 млн сом каралган. Долбоордун башкы аткаруучусу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Талас көчмө механизациялаштырылган отряды”

Кыргызстандын, Кытайдын курулуш материалдарын чыгарган компаниялары жолугушту

Кыргызстандын, Кытайдын курулуш материалдарын чыгарган компаниялары жолугушту

Экономика министрлигине караштуу Кытайдагы Соода өкүлчүлүгү Үрүмчү шаарында Курулуш министрлиги менен биргеликте кыргызстандык жана кытайлык курулуш материалдары боюнча компаниялардын жолугушуусун уюштурганын Экономика министрлиги маалымдады. Ведомствонун маалыматына ылайык, иш-чарага түз жеткирүүлөрдү жолго коюу жана курулуш материалдарын жаңыртуу маселелерин карап жаткан 30дан ашуун ири кыргыз курулуш жана девелопердик компаниялардын өкүлдөрү катышты. Кытай

Быйыл авикаттамдар менен дүйнө жүзүндө 5 млрд адам учкан

Быйыл авикаттамдар менен дүйнө жүзүндө 5 млрд адам учкан

2026-жылы аба каттам жүргүнчүлөрүнүн саны жаңы рекорддук деңгээлге жетип, 5,2 миллиарддан ашат. Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) жаңы баяндамасына ылайык, 2025-жылы дээрлик 5 миллиард адам авиакаттамдар менен учкан. Божомолдорго караганда, келерки жылы тармак өсүшүн улантып, дүйнөлүк жүргүнчүлөр агымы 4,4%га көбөйөт. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн жалпы саны 5,2

Россияда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган  медаль чыкты

Россияда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган медаль чыкты

Россияда улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовго арналган уникалдуу эстелик медаль жасалганын "Российская газета" басылмасы кабарлады. Медаль "Дубровин" куюу үйүндө 999-сыноодогу таза күмүштөн жасалган. Медалдын бет тарабында Чыңгыз Айтматовдун профили жана анын белгилүү "Кылым карытар бир күн" романынын аталышы чегилген. 21 нускадан турган алгачкы партиясы