REST POINT туристтик бекеттерине жабдыктарды алууга тендер жарыяланды
“КРда туризмди өнүктүрүү фонду” 5 REST POINT туристтик бекеттерине жабдык, эмерек, видео көзөмөл жабдыктарын алууга тендер жарыяланганын билдирди.
Аталган фонд потенциалдуу жеткирүүчүлөрдү сынакка катышууга чакырат. Документтердин пакети жана коммерциялык сунуш конвертке салынып, 2022-жылдын 29-ноябрында Бишкек убактысы боюнча саат 14:00гө чейин Бишкек ш., Эгембердиев көч., 1 А. дарегине жеткирилиши керек.
“Катышуучулар конкурстук табыштамаларды ачуу жол-жобосуна катыша алышат. Сынакка коюлган талаптар (техникалык тапшырма) www.fundtourism.com сайтында «САТЫП АЛУУ» бөлүмүндө жайгаштырылган”, – деп айтылат маалыматта.
Маалымат үчүн байланыш телефону: 0 312 59-27-01