Кыргызстанда сегиз ГЭС курулуп жана оңдолуп жатат
Кыргызстанда сегиз ГЭС сегиз долбоору курулуп жана реконструкцияланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда, Улуттук энергохолдинг билдирди.
Компания мамлекет башчысы энергетика тармагындагы инвесторлорго жеңилдиктерди берүүнү убада кылганын эске салды. Мындан тышкары мамлекет ата мекендик инвесторлор курган чакан ГЭСтерден электр энергиясын сатып алмакчы.
Учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлор төмөнкүлөр:
- Жалал-Абад облусунда Көк-Арт дарыясына кичи ГЭСтин курулушу. Иш 24 саат токтобой жүрүп жатат, түнкүсүн да прожектордун жарыгында бетон куюлуп жатканын көрүүгө болот.
- Таласта кубаттуулугу 25 МВт болгон “Бала-Саруу” ГЭСинин курулушу.
- Нарында кубаттуулугу 100 МВт болгон Куланак ГЭСинин курулушу.
- Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо. Анын кубаттуулугу 5.6 мегаваттка жогорулайт.
- 60 МВт кошуу менен Токтогул ГЭСинин бир агрегатын реконструкциялоо. Учурда сыноо иштери жүрүп жатат. Дагы үч блок — жылына бир блоктон – реконструкцияланат. Жалпысынан 240 МВт кубаттуулук кошулат.
- Кошумча 40 МВт кошуу менен Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо.
- Камбар-Ата ГЭС-2ни курууга тендер жарыяланды. Анын кубаттуулугу 150 МВт болот.
- Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга, жолдорду, көпүрөлөрдү, электр линияларын, курулуш аянтчаларын курууга даярдыктар жүрүп жатат. Анын кубаттуулугу 1800 МВт болот.