Ош шаарынын мэри болуп Бакытбек Жетигенов дайындалды

Ош шаарынын мэри болуп Бакытбек Жетигенов дайындалды

Ош шаарынын жаңы мэри болуп Бакытбек Жетигенов дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жетигенов 1988-жылы «Ирригатор» багбанчылык шериктештигинде кароолчу болуп иштеген. 1989-жылы жууп-пресстөө цехинде экинчи разряддагы транспортчу болуп иштеген.

1992-2010-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген. 2010-2015-жылдары «Ар-Намыс» партиясынан Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты болгон. 2015-2021-жылдары алтынчы чакырылыштын депутаты болгон.

2021-жылы ноябрда Жетигенов бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген шек менен кармалган. Башкы прокуратура аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунушун Жогорку Кеңешке жөнөткөн. Бирок парламент анын кол тийбестик укугун алып салуудан баш тарткандыктан, Жетигенов бошотулган.

Эске сала кетсек, президент бүгүн, 29-ноябрда, Оштун мурунку мэри Алмаз Мамбетовду кызматтан алды.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарында 375 орундуу заманбап мектеп курулуп жатат

Манас шаарында 375 орундуу заманбап мектеп курулуп жатат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Манас шаарында 6 мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Алардын бири Көк-Арт муниципалдык аймактык башкаруусуна караштуу Ак-Тилек кичи шаарчасында 375 орунга ылайыкталган мектеп болуп саналат. Долбоорго ылайык, мектептин имаратынын жалпы аянты 4200 чарчы метрди түзүп,

Баткендеги Кара-Булак айылында ичүүчү суу системасы жаңыланууда

Баткендеги Кара-Булак айылында ичүүчү суу системасы жаңыланууда

Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылында “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ичүүчү суу системасын куруу иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, айылдагы суу системасы 1950-жылы курулуп, тоо булактарынан өз агымы менен келген суу аркылуу иштеп келген. Бирок 70 жылдан

Кыргызстанда ФАОнун 35 млн долларлык долбоорлору ишке ашууда

Кыргызстанда ФАОнун 35 млн долларлык долбоорлору ишке ашууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э.А. Акунбеков ФАО уюмунун Башкы директору Олег Таджмаматович менен жолугушту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө министр агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу багытында көп жылдык стратегиялык кызматташтык үчүн ФАО

Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегаты инженердик текшерүүдөн өткөрүлдү

Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегаты инженердик текшерүүдөн өткөрүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатынын участогунда инженердик-техникалык текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Текшерүү иштери гидроагрегаттагы курулуш имараттарынын жер титирөөгө туруктуулугун баалоо, №2 суу өткөрүүчү туннелдин коопсуздугун камсыздоо жана компрессордук жабдууларды орнотуу иштеринин алкагында