«Сколково» Кыргызстандагы ишкерлерге технологияларды алып келүүгө кызыкдар

«Сколково» Кыргызстандагы ишкерлерге  технологияларды алып келүүгө кызыкдар

Россиянын «Сколково» инновациялык борбору Кыргызстандын бизнесин технологиялык чечимдер менен камсыз кылууга жана өз резиденттерине Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууга жардам берүүгө даяр.

Бул тууралуу «Сколково» борборунун делегациясы Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жана Кыргызпатенттин өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди, деп маалымдайт ОКӨФ.

«Сколково» Кыргызстандын аймагындагы долбоорлор үчүн технологиялык чечимдерди жеткирүүгө жана өз резиденттерине жергиликтүү компаниялар менен өнөктөштүктү сунуштоого кызыкдар», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, эки тарап саламаттыкты сактоо жана билим берүү үчүн технологияларды алып келүү, ошондой эле Ысык-Көлдө туризм тармагын өнүктүрүү боюнча кызматташууну талкуулашты.

Мындан тышкары окуңуз

Автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлдү

Автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлдү

Президент Садыр Жапаровдун 31-январдагы жарлыгы менен Кыргызстанда автоунааларды техникалык кароодон өткөрүүнү уюштуруу Ички иштер министрлигинин карамагынан алынып, Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилгенин "Азаттык" жазды. Тагыраак айтканда, техникалык кароо аталган башкармалыктын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборуна карайт. Мамлекет башчысы бул чечимди өлкөдө транспорттук каражаттардын техникалык

Кыргызстан 2030-жылга чейин транспорттук потенциалды жгорулатууну көздөйт

Кыргызстан 2030-жылга чейин транспорттук потенциалды жгорулатууну көздөйт

Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын алкагында транспорт жана логистика тармагында өлкөнүн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана транзиттик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган чаралар комплекси каралганын "Кыргыз Экспорт" борборунун директору Урмат Такиров "B5+1" форматындагы V "Транспорт жана логистика боюнча регионалдык ишкердик күн тартиби" тармактык сессиясында билдирди.

Президент "Кызмат" мамлекеттик ишканасын өзүн өзү каржылоого өткөрдү

Президент "Кызмат" мамлекеттик ишканасын өзүн өзү каржылоого өткөрдү

Президент Садыр Жапаров 26-январда "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу уюмдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду. Аталган документке ылайык, 2026-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин Президенттин Иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин ишин каржылоого байланышкан маселелерди убактылуу жөнгө салуу боюнча апробациялык режим киргизилет. Апробациялык

Кыргызстандын минералдык ресурстарынын көлөмү 177 млрд доллар турат-Аскар Сыдыков

Кыргызстандын минералдык ресурстарынын көлөмү 177 млрд доллар турат-Аскар Сыдыков

Кыргызстанда минералдык ресурстардын жалпы көлөмү 177 млрд долларга бааланарын "B5+1" бизнес-форумунун алкагында өткөн "Критикалык минералдар боюнча B5+1 диалогу" аттуу панелдик сессияда Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирди. Анын айтымында, республикада 1 миңден ашуун кен жай катталган, бирок алардын жарымынан азы гана