Кыргызстандык ишкерлер Google, Apple жана PayPal компанияларынын АКШдагы кеңселерине барып келишти

Кыргызстандык ишкерлер Google, Apple жана PayPal компанияларынын АКШдагы кеңселерине барып келишти

23-ноябрда кыргызстандык ишкерлер АКШга болгон бизнес турунун алкагында Кремний өрөөнүндөгү инновация жана технология тармагындагы эң таасирдүү жана дүйнөлүк лидер эсептелген компаниялардын башкы кеңселерине барышты. Бул тууралуу Кыргызстандагы Америкалык соода палатасынан (AmCham) билдиришти.

Google программалык инженери Нурбек Сакиев делегацияга Кремний өрөөнүнүн аймагындагы Калифорния штатынын Маунтин-Вью шаарындагы Google компаниясынын башкы кеңсеси менен тааныштырды. Ал компания тууралуу жана өз тажрыйбасы жөнүндө айтып берди. Google технология дүйнөсүндөгү эң креативдүү, стилдүү жана адаттан тыш кеңселердин бирин жараткан.

PayPal программалык боюнча инженери Жанара Ибрагимова эң ири дебеттик электрондук төлөм системасы деп эсептелген PayPal HQ боюнча экскурсия өткөрдү. PayPal 325 млн активдүү колдонуучуларды тейлейт. Компания 202 өлкө жана дүйнөнүн 25 негизги валютасында көрсөтүлгөн глобалдык платформа түзө алган, бул соодагерлерге төлөмдөрдү 100дөн ашык дүйнөлүк валюта менен алууга мүмкүндүк берет.

Иш сапардын алкагында делегация ошондой эле Apple кампусунун архитектуралык уландысы болгон Apple Park коноктор борборуна барышты. Делегаттар андагы инновациялар менен таанышып, дүйнөдөгү эң чоң табигый вентиляциясы бар имарат кантип иштээрин, ошондой эле борбордо орнотулган эң ири күн электр станциясын көрүштү.

Мындан тышкары окуңуз

Ош мэри "Алай" футболдук клубуна автобус тапшырды

Ош мэри "Алай" футболдук клубуна автобус тапшырды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Алай” футболдук клубуна жаңы автобус тапшырганын Ош мэриясы билдирди. Маалыматта белгиленгендей, буга чейин аталган клубда транспорт муктаждыгы болуп, оюнчуларды ташууда кыйынчылыктар жаралып келген. "Бул демилге спортту өнүктүрүүгө жана футболчуларга жакшы шарттарды камсыздоо максатында ишке ашырылды",-деп айтылат маалыматта.

Кемин районунун башкаруу органдарынын бюджеттеринде финансылык бузуулар аныкталды

Кемин районунун башкаруу органдарынын бюджеттеринде финансылык бузуулар аныкталды

КРнын Эсептөө палатасынын 2025-жылга карата аудитордук иш-планына ылайык, Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүм тарабынан Кемин районунда 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил үчүн аудит жүргүзүлдү. Аудиттин алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерин түзүү жана аткаруу, республикалык бюджеттен каржыланган айрым мекемелердин бюджеттери, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгү

Өлкөдө 534төн ашык жеке жана 6 мамлекеттик балык чарба бар

Өлкөдө 534төн ашык жеке жана 6 мамлекеттик балык чарба бар

Кыргызстанда жалпысынан 540тан ашык балык чарбасы катталганын Балык өнөр жайы комплекси департаментинин директорунун орун басары Нурзамат Акпаралы уулу "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, аталган балык чарбалары ветеринардык-санитардык нормаларга дал келип, талаптар менен ченемдерге ылайык салынган. "Бүгүнкү күндө балык чарбасы айыл чарба тармагынын приоритеттүү багыттарынын бири

Быйыл Кыргызстан көлдөрүнө 30 миллиондон ашык чабак коё берилет

Быйыл Кыргызстан көлдөрүнө 30 миллиондон ашык чабак коё берилет

Быйыл Ысык-Көлгө 2 млн 700 миңден ашык балык чабактары коё берилгенин Балык өнөр жайы комплекси департаментинин директорунун орун басары Нурзамат Акпаралы уулу "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, мында форель жана сига-лудога балык чабактары коё берилген. "Учурда балыктандыруу иш-чаралары жүрүп жатат. Ысык-Көлдөн тышкары, Соң-Көлгө 4 миллиондон