Кемин районунун башкаруу органдарынын бюджеттеринде финансылык бузуулар аныкталды

Кемин районунун башкаруу органдарынын бюджеттеринде финансылык бузуулар аныкталды

КРнын Эсептөө палатасынын 2025-жылга карата аудитордук иш-планына ылайык, Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүм тарабынан Кемин районунда 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил үчүн аудит жүргүзүлдү.

Аудиттин алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерин түзүү жана аткаруу, республикалык бюджеттен каржыланган айрым мекемелердин бюджеттери, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгү текшерилди.

Эсептөө палатасынын маалыматына караганда, аудиттин жыйынтыгында жалпы суммасы 35 545,7 миң сом болгон финансылык бузуулар жана кемчиликтер аныкталды. Анын ичинен 14 367,0 миң сомду калыбына келтирүү талап кылынса, аудит учурунда 7 180,5 миң сом кайтарылды.

Аныкталган негизги бузуулар бюджеттин ченемдик укуктук актыларга шайкеш келбеши, милдеттүү төлөмдөрдү бюджетке толук же өз убагында чегербөө жана башка мүчүлүштүктөргө байланыштуу болгондугу айтылууда.

Аудиттин жыйынтыгы Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн коллегиясында каралып, тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү. Анын ичинде Чүй облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө жана Кемин райондук мамлекеттик администрациясына маалымат берилген.

Мындан тышкары, жергиликтүү кеңештерге да аудиттин жыйынтыктары тууралуу маалыматтар жөнөтүлүп, аныкталган бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында  146,7 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Нарында 146,7 чакырым жолго асфальт төшөлдү

2026-жылдын багынан бери Нарын облусунда 146,7 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Ал эми былтыр бул көрсөткүч 96,2 чакырымды түзгөн. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин катышуусунда аталган аймактагы жол тармагында аткарылган иштер каралган жыйында айтылды. Маалыматка ылайык, быйыл титулдук тизменин негизинде бир катар жолдор асфальтталды. Мындан

Ишкер Media
Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунун 72 чакырымы асфальтталды

Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунун 72 чакырымы асфальтталды

Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу автожолун куруу жана жаңылоо иштери уланууда. Жалпы узундугу 138 чакырымды түзгөн жолдун 72 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт министрлиги кабарлады. Маалым болгондой, учурда жолдун 54,4 чакырымында курулуш иштери жүрүүдө. Анын 24,5 чакырымында жер иштери толук аяктап, асфальт төшөө башталган. Бүгүнкү күнгө карата 6

Ишкер Media
7-8-ноябрдагы майрам күндөр - дем алышка туш келди: кызматкерлер кандай иштейт?

7-8-ноябрдагы майрам күндөр - дем алышка туш келди: кызматкерлер кандай иштейт?

Кыргызстанда 7–8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү. Бул күндөр мамлекеттик майрам болгону менен, мыйзам боюнча жумуш күндөрү болуп эсептелет. Бул тууралуу Социалдык-эмгек мамилелерин изилдөө борборунан (ЦИСТО) билдиришти. Борбордун түшүндүрмөсүнө ылайык, жумасына беш күн иштеген кызматкерлер үчүн 7–8-ноябрь кадимки дем алыш күндөрү болот. Ал эми

Ишкер Media
Өлкөдө пенсия курагындагы мугалимдердин саны айтылды

Өлкөдө пенсия курагындагы мугалимдердин саны айтылды

Пенсия курагындагы мугалимдер өлкөдөгү жалпы педагогикалык жамааттын 15,5 пайызын түзөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен "Ишкер медиага" билдиришти. Министрликтин маалыматы боюнча мугалимдердин жетишсиздиги Бишкек жана Чүй облустары. "Өлкөдө негизинен 588 мугалим жетишпейт. Алар тарых, орус тили математика, информатика физика предметтерин берген мугалимдер. Ал эми өлкө боюнча жалпы

Ишкер Media