Кыргызстанда ЖЕЭК жыйыны өтөт
Ушул жылдын 9-декабрында Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Анын айтымында, Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин башчылары учурдагы экономикалык абалды, ошондой эле евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулашат.
«ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери өтүп бараткан жылдын жыйынтыгын чыгарып, Биримдиктин өнүгүү келечеги боюнча пикир алмашат. ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өнөктөштүгүн чыңдоого, ошондой эле Биримдиктин ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерди кабыл алуу пландалууда», — деди Азымбакиев.