Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1 гектардан ашкан парк зоналарын түзүү каралууда.

Өзгөчө көңүл Ысык-Көл айланма унаа жолун реконструкциялоо долбоорунун алкагындагы экологиялык иш-чараларга бурулууда. Долбоор жаратылыш тең салмактуулугун сактоо жана компенсациялык жашылдандырууну камтыйт.

Анын алкагында 2026-жылдын 12-апрелинде Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кутургу айылында көчөт отургузуу боюнча масштабдуу экологиялык акция өткөрүлөт. Иш-чара Транспорт министрлиги жана China Road and Bridge Corporation компаниясы тарабынан уюштурулууда.

Жалпысынан 2026-жылы Ысык-Көл жана Түп райондорунда 53 697 дарак отургузуу пландалган, учурда 16 миңге жакыны отургузулуп бүттү. Көчөттөр атайын питомниктерде өстүрүлүп, аймактын климаттык шарттарына ылайыкташтырылган.

Министрлик бул иштер экологиялык тең салмактуулукту сактоого жана аймактарды жашылдандырууга багытталганын белгилеп, мындай демилгелер мындан ары да улантыларын маалымдады.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги 14 кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуу аныкталды

Бишкектеги 14 кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуу аныкталды

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери тарабынан борбор калаадагы курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөл иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын Севастопольская көчөсү, 7 дарегинде жайгашкан 14 кабаттуу турак жайдын курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Тактап айтканда, турак жайдын 1-блогунун 7-кабатында

Ошто 35,5 млн сомго "Исанов” көмөк чордону курулат

Ошто 35,5 млн сомго "Исанов” көмөк чордону курулат

Ош облусунда “Исанов” көмөк чордону курулуп, ал жогорку чыңалуудагы электр берүү линиялары аркылуу өлкөнүн электр тармагына кошулат. Долбоор Кыргызстандын энергетикалык инфраструктурасын чыңдоого жана кайра жаралуучу энергия булактарын электр системасына интеграциялоого багытталган. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, “Исанов” көмөк чордону “Кыргыз Республикасында кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү”долбоорунун биринчи фазасынын

ШКУ саммитине байланыштуу бир нече көчөлөр жабылат

ШКУ саммитине байланыштуу бир нече көчөлөр жабылат

30-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жол кыймылына төмөнкү жолдордо чектөөлөр киргизилет: “Манас” эл аралык аба майданынан баштап Васильев тракты, Ю. Фучик көчөсү, Чүй, Манас жана Ч. Айтматов проспектилери, Ж. Абдрахманов, Байтик баатыр, А. Масалиев, Жайыл

Жайыт жерлерин унаа менен тепселегендерге карата айып пул салынды

Жайыт жерлерин унаа менен тепселегендерге карата айып пул салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте Аламүдүн районуна караштуу Кашка-Суу аймагындагы Ак-Таш жайлоосунда рейддик иш-чара өткөрүштү. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынынмаалыматына караганда, рейддин жүрүшүндө айрым жарандардын автоунаалары менен жайыт жерлерин тепселеп, өсүмдүктөргө жана жаратылышка зыян келтирген фактылары аныкталды.