Суу чарба объектилерин оңдоого 956 млн сом сарпталды

Суу чарба объектилерин оңдоого 956 млн сом сарпталды

Суу чарба объектилерин оңдоого 956 млн сом сарпталды. Бул тууралуу 2022-жылга карата аткарылган иштердин жыйынтыктары боюнча маалымат жыйынында ведомствонун жетекчиси Алмазбек Сокеев маалымдады.

Анын айтымында тармакка 1 млрд 956 млн сом бөлүнгөн.

«Берилген 1 млрд сомдун 956 млн сому бөлүндү, башкача айтканда, дээрлик 100% каржыланды деп айтсак болот. Ошол жылы даярдык иштерин баштап, ушул жылдын май айында бүтүрдүк. Бүткөндөн кийин вегетациялык мезгилди баштадык, быйыл жакшы өттү, чоң көйгөйлөр жок», – деди Сокеев.

Ошондой эле кызмат жетекчиси ноябрь айынан май айына чейин кайрадан даярдык иштери жүрүп жатканын белгилеп, оңдолгон каналдар боюнча маалымат берди:

  • 176 чакырымдан 121 чакырым канал оңдолуп бүттү. Иш жыл аягына чейин бүткөрүлөт;
  • 77 чакырымдын ичинен 30 чакырым канал бетондолуп бүттү, иш эки айдын ичинде бүткөрүлөт;
  • 712 км каналдарды тазалоо пландалган, иш жүзүндө 730 км тазаланган;
  • гидропосттор жана объектилер толук ремонттон өттү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда киберкылмыштуулук күч алууда: сандар, себептер, схемалар жана коркунучтар

Кыргызстанда киберкылмыштуулук күч алууда: сандар, себептер, схемалар жана коркунучтар

Акыркы үч жыл ичинде Кыргызстанда киберкылмыштуулуктун саны кескин өстү. Кыргызстандын Кылмыш кодексинде 300дөн ашуун кылмыштын түрү болсо, статистика боюнча жалпы кылмыштын негизги үлүшүн 2 берене: уурулук – 39% жана алдамчылык – 31% ээлейт. Мындай маалымат менен ИИМдин КИББнын Киберкылмыштарга каршы күрөш башкармалыгынын өкүлү, подполковник Чолпон Назаркулова ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер менен болгон

Ош шаарынын таза суу маселесине 14 млн евро бөлүнгөн

Ош шаарынын таза суу маселесине 14 млн евро бөлүнгөн

Бүгүнкү күндө Ош шаарын ичүүчү суу менен камсыздоо маселелерин чечүүдө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы аркылуу жалпысынан 14 млн евро каралган долбоор 100% натыйжалуу бүткөрүлгөнүн Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. “Эки фазадан турган бул долбоор менен шаардын таза суу жана саркынды суу тутумдары жаңыртылган. Ошондой эле

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1