«Улуу көчмөндөр мурасын» жоюусуна 650 млн сом сарпталат
Министрлер кабинети «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинди жоюу жараянын баштады. Бирок анын уставдык капиталындагы 3.4 млрд сомдун 2.7 млрд сом гана бюджетке кайтарылат. Бул тууралу Каржы министрлиги билдирди.
Маалымат боюнча, 650 млн сом холдингди жоюуга байланыштуу кредиторлордун талаптарын канаатандырууга жумшалат:
- мамлекеттик салык кызматынын алдындагы кен иштетүгө алынган лицензиялар боюнча 638 млн сом;
- компания түзулгөндөн тарта иштеп келген кызматкерлердин айлык акысы, имараттын ижарасына төлөөгө болжолу менен 20 млн сом жумшалат.