БУУнун азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы жаңы планы 91 млн долларга бааланды
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) жана КРнын министрлер кабинети 2023-2027-жылдарга карата БУУ ДАТПнын жаңы Өлкөнүн стратегиялык планын (ӨСП) ишке ашыруу боюнча Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Программанын баасы – 91 млн доллар деп бааланды.
ӨСП негизги мамлекеттик приоритеттерге, анын ичинде 2018-2040-жылдарга КРнын Улуттук өнүктүрүү стратегиясына жана 2026-жылга чейинки КРынын Улуттук өнүктүрүү программасына дал келет.
Негизги приоритеттер адамдык капиталды өнүктүрүүгө, социалдык коргоого, туруктуулукка, табигый кырсыктардын тобокелдигин башкаруу жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашууга, өзгөчө кырдаалдарды азайтууга жана мектептерди туура тамактанууну жайылтуу боюнча платформа катары колдонууга басым жасаган туруктуу өнүгүүнү камтыйт.
Беш жылдык ӨСПдын пландалган бюджети 91 млн АКШ долларын түзөт, каржылоо булактарын камсыз кылуу минкаб менен биргеликте ишке ашырылмакчы.
Жакырчылыктын деңгээли 20%дан (2019-жылы) 2021-жылда 33%га чейин өстү, бул деген 2.2 млн адам жакырчылыктын чегинде жашайт дегенди билдирет. 2022-жылдын ичинде эле азык-түлүккө болгон баалар, өзгөчө нан, мөмө-жемиш жана жашылча сыяктуу негизги тамак-аш азыктарына 15%га өстү, КРдагы инфляция көрсөткүчү Борбордук Азиядагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири.